КАНТОР
КА́НТОР Георг (3. 3. 1845, Санкт-Петербург – 6. 1. 1918, Галле) – немис математиги. 1867-ж. Берлин ун-тин бүткөн. 1879–1913-ж. Галле унтинде проф. К. чексиз көптүктөр теориясын ж-а трансфиниттик сандар теориясын чыгарган. 1874-ж. эквивалентсиз (б. а. түрдүү кубаттуулуктагы) чексиз көптүктөрдүн бар экенин билүү м-н бардык чыныгы сандар көптүгүнүн тактыгын далилдеген, көптүк кубаттуулугунун жалпы түшүнүгүн (1878) изилдеген. 1879–84-ж. К. чексиздик ж-дөгү окуусунун принциптерин сунуш кылган. К. предел чекитинин, көптүк туундусунун түшүнүгүн киргизген, жеткилең көптүккө мисал келтирген, иррационалдуу сандар теориясын өнүктүргөн, Кантор аксиомасын айткан. К-дун идеяларына замандаштары каршы чыккан, бирок ал математиканын өнүгүшүнө зор cалым кошкон.
Эмг.: Труды по теории множеств. М., 1985.