КАНПУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНПУ́Р – Индиянын түн. бөлүгүндөгү шаар.
Уттар-Прадеш штатында. Ганг д-нын оң өйүзүн­дө жайгашкан. Калкы 3,1 млн (2008). Маанилүү жолдор тоому. Алгач кыштак катары 1579- жылдан эскерилет. Индиянын ири соода ө. ж. борбору. Машина куруу, металл иштетүү (само­лёт, станок куруу, электр-тех. ж. б.), хим. (пласт­масса буюмдар, самын ж-а кир кетирүүчү кара­жаттар), жеңил (булгаары-бут кийим), тамак­аш (күрүч акталат, татымалдар) ө. ж. ишкана­лары иштейт. О. эле текстиль (кебез, жибек, кыл торко ж-а синтетика кездемелер) ө. ж. өнүккөн. Ун-ттер, ин-ттар бар.