КАНПУР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАНПУР – Индиянын түндүк бөлүгүндөгү шаар. Уттар-Прадеш штатында. Ганг дарыясынын оң өйүзүндө жайгашкан. Калкы 2,7 млн (2011). Маанилүү жолдор тоому. Алгач кыштак катары 1579-жылдан эскерилет. Индиянын ири соода өнөр жай борбору. Машина куруу, металл иштетүү (самолёт, станок куруу, электр-техника жана башкалар), химия (пластмасса буюмдар, самын жана кир кетирүүчү каражаттар), жеңил (булгаары бут кийим), тамак-аш (күрүч акталат, татымалдар) өнөр жай ишканалары иштейт. Ошондой эле текстиль (кебез, жибек, кыл торко жана синтетика кездемелер) өнөр жайы өнүккөн. Университеттер, институттар бар.