КАНИН ЖАРЫМ АРАЛЫ
КА́НИН ЖАРЫМ АРАЛЫ – Россиянын Европа бөлүгүнүн түндүгүндөгү түздүктүү жарым арал. Архангел обл-нда, Ненец автономия округунда. Ак деңиздин түн. бөлүгүн Баренц деңизинин Чеша булуңунан бөлөт. Аянты 10,5 миң км2. Уз. 300 кмден ашык. Түндүгүндөгү плато сымал Канин Камень токол тоосу (бийикт. 241 мге чейин), түн.-батышта аскалуу Канин Нос тумшугу м-н бүтөт. Калган бөлүгүндө ойдуңдуу жайпак түздүктөр басымдуу; андагы морена дөбөдөңсөөлөрү жалдарды пайда кылат. Бардык жеринде түбөлүк тоң кездешет. Деңиз ташкыны андагы тайыз дарыялар б-ча 60 кмге чейин жогору көтөрүп, көп жерин суу каптайт (лайда). Саз ж-а көл көп. Накта тундра ландшафты (Канин тундрасы) мүнөздүү. Балык ж-а деңиз айбанаттар промыселдери, бугу чарбалары бар.