КАНИН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́НИН ЖАРЫМ АРАЛЫ – Россиянын Европа бөлүгүнүн түндүгүндөгү түздүктүү жарым арал. Архангел облусунда, Ненец автономия округун­да. Ак деңиздин түндүк бөлүгүн Баренц деңизинин Чеша булуңунан бөлөт. Аянты 10,5 миң км2. Узундугу 300 кмден ашык. Түндүгүндөгү плато сымал Канин Камень токол тоосу (бийиктиги 241 мге че­йин), түндүк-батышта аскалуу Канин Нос тумшу­гу м-н бүтөт. Калган бөлүгүндө ойдуңдуу жай­пак түздүктөр басымдуу; андагы морена дөбө-­дөңсөөлөрү жалдарды пайда кылат. Бардык жеринде түбөлүк тоң кездешет. Деңиз таш­кыны андагы тайыз дарыялар боюнча 60 кмге че­йин жогору көтөрүп, көп жерин суу каптайт (лайда). Саз ж-а көл көп. Накта тундра ланд­шафты (Канин тундрасы) мүнөздүү. Балык ж-а деңиз айбанаттар промыселдери, бугу чарбала­ры бар.