КАНИГУТ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНИГУТ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Баткен р-нун­да, Шураб ш-нан 20 км түш.-батышта, деңиз деңг. 1500–1800 м бийикте. Кен жерг. элге ил­гертен белгилүү. 1948–53-ж. чалгындоо, 1989– 92-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозой заманында пайда болгон чөкмө тек­тер түзөт. Тоо тектер бүктөлүүгө дуушарланып, синклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Поли­металл кени синклиналдык түзүлүштүн түн. ка­натында, акиташ тектериндеги тектон. терең жа­ракаларга топтолгон. Кенташ тулкулары лин­за, уя, тарамча түрүндө, калыңдыгы 20–40 мге жетет. Негизинен галенит, сфалерит, марказит, гематит, пирит, халькопирит, лимонит, гетит, пиролюзит, ярозит ж. б. турат. Кендеги корго­шундун кондициялык өлчөмү 2,3%, цинк – 1,89%. Кен гидротерм процессинен пайда болгон. Запа­сы С1 категориясы б-ча: коргошун 4,8 миң т, цинк 2,1 миң т; С2 категориясы б-ча коргошун 4,0 миң т, цинк 1,8 миң т (1952). 1950-жылдан казып алынат. Кендеги күмүштүн запасы С12 категориясы б-ча 76,3 т, болжолдуу ресурсу 282,86 т, бардыгы 357,36 т.