КАНИГУТ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ
КАНИГУТ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Баткен районунда, Шураб шаарынан 20 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1500–1800 м бийикте. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1948–53-жылдарда чалгындоо, 1989–92-жылдарда издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозой заманында пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Тоо тектер бүктөлүүгө дуушарланып, синклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Полиметалл кени синклиналдык түзүлүштүн түндүк канатында, акиташ тектериндеги тектоникалык терең жаракаларга топтолгон. Кенташ тулкулары линза, уя, тарамча түрүндө, калыңдыгы 20–40 мге жетет. Негизинен галенит, сфалерит, марказит, гематит, пирит, халькопирит, лимонит, гетит, пиролюзит, ярозит ж. б. турат. Кендеги коргошундун кондициялык өлчөмү 2,3%, цинк – 1,89%. Кен гидротерм процессинен пайда болгон. Запасы С1 категориясы боюнча: коргошун 4,8 миң т, цинк 2,1 миң т; С2 категориясы боюнча коргошун 4,0 миң т, цинк 1,8 миң т (1952). 1950-жылдан казып алынат. Кендеги күмүштүн запасы С1+С2 категориясы боюнча 76,3 т, болжолдуу ресурсу 282,86 т, бардыгы 357,36 т.