КАНЗАС-СИТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЗАС-СИТИ – АКШнын Ортоңку Батышындагы аты ок шош жанаша турган эки шаар. Канзас ж-а Миссу­ри штаттар ынын чек арасында, Кан­зас д. Миссури д-на куйган жерде жай­гашкан. Калк ы 441,1 миң (2008; Миссури штатын­дагы) ж-а 142,1 миң (Канзас шта­тындагы). Бул эки шаар бир агломера­цияны түзөт (кал­кы 1,9 млн; кура­мына бир нече май­да шаарлар кирет). Ири жолдор тоому. Маанил үү дарыя порту. Куур магис­т рал дар т үй үнү (а. и. газ кууру). Эл аралык аэропорту бар. К.-С-нин агло­мерациясы өлкө­нүн геогр. борбору­на жакындыгынан «Американын жү­рөгү» деп аталат. К.-С. 1821-ж. негиз­делген. 1853-жыл-


Шаардын жалпы көрүнүшү (арткы планда Канзас да­рыясы).

дан шаар. 1889-жылдан азыркыдай аталат. Шаардын агломерациясы – өлкөнүн башкы та­мак-аш (негизинен ун, эт) борбору. Автомобиль чогултуучу, нефть ажыратуу, полигр. (а. и. кут­туктоо открыткаларын чыгаруучу дүйнөдөгү эң ири «Hallmark Cards» компаниясынын штаб­квартирасы), электроника ж. б. ө. ж. ишканала­ры иштейт. Шаарда бульварлар ж-а фонтандар (200дөн ашык; Парижден гана калышат) көп кездешет. Эл аралык академиялар, ИИИлер, ун-ттер, ин-ттар, китепканалар, музейлер ж. б. бар.