КАНАРИЯ АГЫМЫ
КАНА́РИЯ АГЫМЫ – Атлантика океанынын түн. бөлүгүнүн чыгышындагы муздак агым. Түн. Атлантика агымынын батыш тармагы. Туурасы 400–600 км. Пиреней ж. а-н ж-а Африканын түн.-батышын жээктей түндүктөн түштүктү карай агат. Суусунун темп-расы февралда 12–23°С, августта 19–20°С. Агымдын ылдамдыгы 0,9– 1,82 км/саат. Суусунун чыгымы 16 млн м3/секдай; туздуулугу 36,0–36,8‰. Түштүктө Түн. Пассат агымына өтөт (Гвинея булуңун карай бир аз багытталат).