КАН АЙЛАНУУ
КАН АЙЛАНУУ – кан жүрүү системасы б-ча кандын денеде жүрүшү. К. а. дененин ички чөйрөсүндөгү зат алмашууну, жылуулукту жөнгө салуу, дененин бардык органдарына, ткандарына, клеткаларына керек заттарды жеткирүү, зат алмашуунун организмге керексиз заттарын бөлүп чыгаруу кызматын аткарат ж-а организмдин ар кандай функциясын гумордук жактан тейлейт. К. а. – организмдин тиричилигин камсыз кылуучу эң маанилүү физиол. процесс. К. а-ну англ. врач В. Гарвей 1628-ж. ачкан. Бул бардык жаныбарларга таандык. Омурткасыздардын көпчүлүгүндө ж-а жөнөкөй түзүлүштүү хордалуу жаныбарларда кан функциясын аткаруучу биол. суюктук–гемолимфа туташпаган (ачык) система б-ча, ал эми кээ бир омурткасыз ж-а бардык омурткалууларда, о. эле, кишиде да кан туташ (туюк) система м-н айланат. Гемолимфаны же канды бул системалар м-н агызуу ролун жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарда та-
мырдын жыйрылып туруучу жери, татаал түзүлүштүү жаныбарда булчуңдуу орган – жүрөк аткарат. Балыктын жүрөгү 2 камералуу. Жүрөк карынчасы жыйрылганда кан курсак толтосуна, андан бакалоор тамырларына өтөт. Анда кан кычкылтекке каныгып, көмүр кычкыл газын чыгарып, жон толтосу аркылуу бардык органдар м-н ткандарга тарайт. Жерде-сууда жашоочулардын 3 камералуу жүрөгүнүн карынчасынан толтого жеткен кан түздөн-түз органдар м-н ткандарга барат. Куштар, сүт эмүүчүлөр ж-а кишиде К. а. 4 камералуу жүрөк ишине байланыштуу. Сүт эмүүчүлөрдө К. а. эки тегеректен турат. Жүрөктүн сол карынчасынан толто аркылуу чыгып, артерия м-н бүт денеге таралып, андан вена тамырларына чогулуп, кайра жүрөктүн оң дүлөйчөсүнө келип кирген туюк жол К. а-нын чоң тегереги, ал эми жүрөктүн оң карынчасынан өпкөгө барып, андан кайра жүрөктүн сол дүлөйчөсүнө кайтуучу туюк жол К. а-нун кичине тегереги деп аталат. Бул тегеректер аркылуу кан денеде тынымсыз жүрүп, организмдин тиричилик аракетин колдойт. Кан тамыр аркылуу кандын жүрүшү жүрөктүн айдагыч функциясына байланыштуу. Жүрөк 1 минутада чыгарган кандын көлөмү минуталык көлөм деп аталат. Кандын жүрүшү токтоору м-н организм өлөт. К. а-нун бузулушуна организмдин жалпы өзгөрүшү, андагы түрдүү биол. заттар, мис., ички секреция бездеринин гормондору (адреналин, серотонин ж. б.) таасир этет. К. а-нун бузулуусу жерг. ж-а жалпы болуп бөлүнөт. Жерг. бузулуу кан тамырдын гиперемия, ишемиясы ж. б. ооруларында байкалат. К. а-ну жөндөө үчүн негизги ооруну (жүрөк кемтиги, миокарддын инфаркты, гипертония оорусу ж. б.) дарылоо ж-а аны тейлөөчү нерв борборун жөнгө салуу зарыл.
Ад.: Джонсон П., Периферическое кровообращение.
М., 1982; Физиология кровообращения / Под ред. Б. И. Ткаченко. Л., 1984 (Руководство по физиологии).
А. Раимжанов.