КАН АЙЛАНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН АЙЛАНУУкан жүрүү системасы боюнча кандын денеде жүрүшү. Кан айлануу дененин ички чөйрөсүндөгү зат алмашууну, жылуулукту жөн­гө салуу, дененин бардык органдарына, тканда­рына, клеткаларына керек заттарды жеткирүү, зат алмашуунун организмге керексиз заттарын бөлүп чыгаруу кызматын аткарат ж-а организм­дин ар кандай функциясын гумордук жактан тейлейт. Кан айлануу – организмдин тиричилигин кам­сыз кылуучу эң маанилүү физиологиялык процесс. Кан айланууну англиялык врач В. Гарвей 1628-жылы ачкан. Бул бардык жаныбарларга таандык. Омурткасыз­дардын көпчүлүгүндө ж-а жөнөкөй түзүлүштүү хордалуу жаныбарларда кан функциясын ат­каруучу биологиялык суюктук–гемолимфа туташпаган (ачык) система боюнча, ал эми кээ бир омурткасыз ж-а бардык омурткалууларда, ошондой эле, кишиде да кан туташ (туюк) система м-н айланат. Ге­молимфаны же канды бул системалар м-н агы­зуу ролун жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарда тамырдын жыйрылып туруучу жери, татаал түзүлүштүү жаныбарда булчуңдуу орган – жүрөк аткарат. Балыктын жүрөгү 2 камералуу. Жүрөк карынчасы жыйрылганда кан курсак толтосу­на, андан бакалоор тамырларына өтөт. Анда кан кычкылтекке каныгып, көмүр кычкыл га­зын чыгарып, жон толтосу аркылуу бардык органдар м-н ткандарга тарайт. Жерде-сууда жа­шоочулардын 3 камералуу жүрөгүнүн карынча­сынан толтого жеткен кан түздөн-түз органдар м-н ткандарга барат. Куштар, сүт эмүүчүлөр ж-а кишиде кан айлануу 4 камералуу жүрөк ишине бай­ланыштуу. Сүт эмүүчүлөрдө кан айлануу эки тегеректен турат. Жүрөктүн сол карынчасынан толто ар­кылуу чыгып, артерия м-н бүт денеге таралып, андан вена тамырларына чогулуп, кайра жүрөк­түн оң дүлөйчөсүнө келип кирген туюк жол кан айлануунун чоң тегереги, ал эми жүрөктүн оң ка­рынчасынан өпкөгө барып, андан кайра жү­рөктүн сол дүлөйчөсүнө кайтуучу туюк жол кан айлануунун кичине тегереги деп аталат. Бул теге­ректер аркылуу кан денеде тынымсыз жүрүп, организмдин тиричилик аракетин колдойт. Кан тамыр аркылуу кандын жүрүшү жүрөктүн ай­дагыч функциясына байланыштуу. Жүрөк 1 ми­нутада чыгарган кандын көлөмү минуталык көлөм деп аталат. Кандын жүрүшү токтоору м-н организм өлөт. Кан айлануунун бузулушуна орга­низмдин жалпы өзгөрүшү, андагы түрдүү биологиялык заттар, мисалы, ички секреция бездеринин гормон­дору (адреналин, серотонин ж. б.) таасир этет. Кан айлануунун бузулуусу жергиликтүү ж-а жалпы болуп бө­лүнөт. Жергиликтүү бузулуу кан тамырдын гипере­мия, ишемиясы ж. б. ооруларында байкалат. Кан айланууну жөндөө үчүн негизги ооруну (жүрөк кем­тиги, миокарддын инфаркты, гипертония оору­су ж. б.) дарылоо ж-а аны тейлөөчү нерв борбо­рун жөнгө салуу зарыл.

Ад.: Джонсон П., Периферическое кровообращение. М., 1982; Физиология кровообращения / Под ред. Б. И. Ткаченко. Л., 1984 (Руководство по физиологии).

А. Раимжанов.