КАН (Франциядагы шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН , Канн, Канны – Франциядагы шаар. Про­ванс – Альпы – Күнөстүү Жээк регионунда, Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан. Кал­кы 108,0 миң (2008). Франциядагы Парижден кийинки 2-туристтик борбор. Жолдор тоому.

Деңиз жээгиндеги курорт пляжы.

Порт (соода ж-а сейил кемелерин кабыл алат). Аэропорту (өлкөдөгү эң ири) бар. Деңиз климат­тык курорт (Күнөстүү Жээк курортунун кура­мына кирет). Алгач 10-к-дан эскерилет. Курорт катары 9-к-дын башынан белгилүү. 20-к-дан ту­ризмдин борбору катары өнүгүүдө. Климаты жер ортолук деңиздик субтропиктик, кышы жум­шак, күнөстүү (январдын орт. темп-расы 9°С), жайы кургак, жылуу (июлдуку 23°С). Жылдык жаан-чачыны 600 мм. Жыттуу эссенция чыга­руу өндүрүшү иштейт. Шаардын эски бөлүгүндө сепилдер (12-к.), чеп дубалдардын калдыктары (14-к.), кароол мунарасы, собор, храм сактал­ган. Музейлер (этнология, деңиз) бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. К-да көптөгөн көргөзмөлөр, симпозиумдар, кон­гресстер ж. б. иш-чаралар, жыл сайын үн жазуу­ну н ж-а му з. чыгармал ардын эл арал ык көргөзмөлөрү ж-а кинофестивалдар (1946-жыл­дан) өткөрүлүп турат. Гүл өстүрүүчүлүк өнүккөн.