КАН (Франциядагы шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН , Канн, Канны – Франциядагы шаар. Про­ванс – Альпы – Күнөстүү Жээк регионунда, Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан. Кал­кы 108,0 миң (2008). Франциядагы Парижден кийинки 2-туристтик борбор. Жолдор тоому.

Деңиз жээгиндеги курорт пляжы.

Порт (соода жана сейил кемелерин кабыл алат). Аэропорту (өлкөдөгү эң ири) бар. Деңиз климат­тык курорт (Күнөстүү Жээк курортунун кура­мына кирет). Алгач X кылымдан эскерилет. Курорт катары IX кылымдын башынан белгилүү. XX кылымдан ту­ризмдин борбору катары өнүгүүдө. Климаты жер ортолук деңиздик субтропиктик, кышы жум­шак, күнөстүү (январдын орточо температурасы 9°С), жайы кургак, жылуу (июлдуку 23°С). Жылдык жаан-чачыны 600 мм. Жыттуу эссенция чыга­руу өндүрүшү иштейт. Шаардын эски бөлүгүндө сепилдер (XII кылым), чеп дубалдардын калдыктары (XIV кылым), кароол мунарасы, собор, храм сактал­ган. Музейлер (этнология, деңиз) бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Канда көптөгөн көргөзмөлөр, симпозиумдар, кон­гресстер жана башка иш-чаралар, жыл сайын үн жазуу­нун жана музыкалык чыгармалардын эл аралык көргөзмөлөрү жана кинофестивалдар (1946-жыл­дан) өткөрүлүп турат. Гүл өстүрүүчүлүк өнүккөн.