КАМЫШАНОВКА ЧЫМ КӨҢ КЕНИ
КАМЫША́НОВКА ЧЫМ КӨҢ КЕНИ Чүй обл-нун Сокулук р-нунда. Камышановка кыш-нан түн.-чыгышта, деңиз деңг. 545 м бийикте жайгашкан. Кен 1957–58, 1964, 1966-ж. изилденген.
Чым көң катмары Чүй д-нын пролювий-аллювий чөкмөлөрүнөн турат. I–II тектирлер м-н байланышкан. Кендин жалпы аянты 149 ганы түзөт, орт. калыңдыгы 1,29 м, күрөң, мала күрөң түстө, начар ж-а орт. чириген. Күйгөндө 1200– 3807 ккал/кг жылуулук берет. Чым көң жер семирткич катары пайдаланылат. Запасы С1 категориясы б-ча 432 миң T.