КАМЫШАНОВКА ЧЫМ КӨҢ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАМЫША́НОВКА ЧЫМ КӨҢ КЕНИ Чүй облусунун Сокулук районунда. Камышановка кыштагынан түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 545 м бийикте жайгашкан. Кен 1957–58, 1964, 1966-жылдарда изилденген. Чым көң катмары Чүй дарыясынын пролювий-аллювий чөкмөлөрүнөн турат. I–II тектирлер м-н байланышкан. Кендин жалпы аянты 149 ганы түзөт, орточо калыңдыгы 1,29 м, күрөң, мала күрөң түстө, начар ж-а орточо чириген. Күйгөндө 1200–3807 ккал/кг жылуулук берет. Чым көң жер семирткич катары пайдаланылат. Запасы С1 категориясы б-ча 432 миң т.