КАМЧЫ
КАМЧЫ – ат чабуу, мал айдоо үчүн колдонулуучу жабдык. Ал сап, бүлдүргө, баш, алакан, чачы, өрүм, өзөк ж-а түшкүндөн турат. К. сап табылгы, четин ж-а ыргайдан тандап алынып, керектүү узундукта кесилип, көлөкөдө кургатылат. О. эле К. сап сөөктөн (эликтин шыйрагы териси ж-а туягы м-н кошо катырылат), мүйүздөн да жасалат. К-нын бүлдүргөсү бугунун же

кара малдын терисинен тилинип алынган ичке кайыштан даярдалып, эки учу бирдей кабатталып, К. саптын кармоочундагы көзөнөгүнөн өткөрүлүп, чие байланып түйүлөт. Ал К-ны колго кармап жүрүүгө же илип коюуга ылайыкталган. К-нын алаканын бекиткенде, камчыланганда К. саптын башы жарылбас үчүн ага сары же кызыл түстөгү жез түтүкчөнү кийгизет. Өрүм м-н өзөктүн башталышындагы көктүн учуна улаштырыла бекитилген калың булгаары алакан деп аталып, ал өрүмдү сапка бекитет. Өрүм, өзөк м-н алакандын бириккен жери жиксиз болуш үчүн жука кара булгаары м-н капталып, өрүм жагы чачыланып, кооздолот. К. 4–16 тарам ичке тилинип, сыдыргыга салынган көктөн өрүлөт. Өрүмдүн ичине салынган калың кайышы – өзөгү челденип, сыдыргыланып, жумурланат да, ийчиге (өрүүгө колдонулчу курал) керилип, анын сыртын каптай көк өрүлөт. Өрүм бүткөндө көктүн учу – өзөккө бекитилген учу түшкүн деп аталат. Жоокерчилик заманда чоң К-лардын түшкүнүнүн ичине өзөк м-н бирге коргошун салынып жасалган. К-лардын жоондугу анын узундугуна жараша болгон. К-нын чоң К., кичине К., асем К., уй мурун К., жылан боор К. ж. б. түрү болот.