КАМЧЫ
КАМЧЫ – ат чабуу, мал айдоо үчүн колдонулуучу жабдык. Ал сап, бүлдүргө, баш, алакан, чачы, өрүм, өзөк жана түшкүндөн турат. Камчы сап табылгы, четин жана ыргайдан тандап алынып, керектүү узундукта кесилип, көлөкөдө кургатылат. Ошондой эле камчы сап сөөктөн (эликтин шыйрагы, териси жана туягы менен кошо катырылат), мүйүздөн да жасалат. Камчынын бүлдүргөсү бугунун же ара малдын терисинен тилинип алынган ичке кайыштан даярдалып, эки учу бирдей кабатталып,

камчы саптын кармоочундагы көзөнөгүнөн өткөрүлүп, чие байланып түйүлөт. Ал камчыны колго кармап жүрүүгө же илип коюуга ылайыкталган. Камчынын алаканын бекиткенде, камчыланганда камчы. саптын башы жарылбас үчүн ага сары же кызыл түстөгү жез түтүкчөнү кийгизет. Өрүм менен өзөктүн башталышындагы көктүн учуна улаштырыла бекитилген калың булгаары алакан деп аталып, ал өрүмдү сапка бекитет. Өрүм, өзөк менен алакандын бириккен жери жиксиз болуш үчүн жука кара булгаары менен капталып, өрүм жагы чачыланып, кооздолот. Камчы 4–16 тарам ичке тилинип, сыдыргыга салынган көктөн өрүлөт. Өрүмдүн ичине салынган калың кайышы – өзөгү челденип, сыдыргыланып, жумурланат да, ийчиге (өрүүгө колдонулчу курал) керилип, анын сыртын каптай көк өрүлөт. Өрүм бүткөндө көктүн учу – өзөккө бекитилген учу түшкүн деп аталат. Жоокерчилик заманда чоң камчылардын түшкүнүнүн ичине өзөк менен бирге коргошун салынып жасалган. Камчылардын жоондугу анын узундугуна жараша болгон. Камчынын чоң камчы, кичине камчы, асем камчы, уй мурун камчы, жылан боор камчы жана башка түрү болот.