КАММИНГС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ММИНГС Эдуард Эстлин (14. 10. 1894, Масса­чусетс штаты, Кембриж –1962, Түн. Конуэй) – амер. акын, жазуучу, сүрөтчү. Футуризмге ык­таган лирик-урбанист; трагедиялык ж-а сати­ралык интонацияларды кезектештирип берүү аркылуу бурж.-рационалисттик турмуштун бү­лүнүшүн чагылдырган бунтчул-индивидуалист.
К. – «Тандалган 100 ыр» (1959), «6 антилекция» (1953) ж. б. ыр жыйнактарынын «Чоң камера» (1922) романынын автору. Кубизмге ыктаган «Үн», «Чуу» (1919–25) живопистик сериялары бар. 1931-ж. СССРге келип кеткен.


Чыг.: Избранные стихотворения // Пер. В. Брита­нишского. М., 2004.