КАМАРЛИ Закир Паша оглы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМАРЛИ Закир Паша оглы [1942-ж. т., Азер­байжан, Кировабад (азыр Гянжа) ш.] – онко­лог, медицина илимд. доктору (1988), проф. (1995). КММИни бүтүргөн (1967). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2003). Кырг-н онкология ж-а радиология ИИИде (учурда Улуттук онкология борбору) врач болуп иштеген (1967–71), ошол эле ин-ттун аспиранты (1971–74), окумуштуу катчысы (1974–78), ин-ттун директорунун орун басары (1975–85), директору (1986–97), 1997- жылдан КРСУда кафедра башчысы, бир эле мез­гилде мед. борбордун жетекчиси. Жалпы ж-а балдар онкологиясы б-ча адис. 90дон ашык ил. эмгеги, а. и. 1 монографиясы бар.


Эмг.: Поликлиническая онкология детского воз­раста (в соавторстве). Б., 1991; Эпидемиология зло­качественных опухолей у детей в Кыргызстане. Б., 2001.