КАМАКУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМА́КУРА – Япониядагы музей-шаар. Сагами булуңунун жээгинде, Хонсю а-нын түш.-чыгы­шында жайгашкан. Калкы 165,2 миң (2007).

Кэнтёдзи храмы. Сёдо башкы за­лы. 1458.

Жолдор тоому. Шаардын арх-расында салттуу ж-а заманбап курулуштар айкалышып курул­ган. Будданын (Дайбуцу) колодон куюлган ста­туясы (1252; бийикт. 11,5 м), көптөгөн буддизм ж-а синтоизм храмдары м-н монастырлар (Хасэоэра, 8-к.; Гокуракудзи, Энгакудзи 13-к.; Цуругаока Хатимангу, 1063–1828; бардыгы жы­гачтан салынган) сакталган. Шаар сёгундардын борбору катары 1192-ж. негизделген. Кино, ма­шина куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Музей­лер (улуттук байлык, заманбап иск-во), көркөм­колдонмо буюмдар, сувенирлер өндүрүшү бар. Буд­дисттердин зыярат борбору. Деңиз курорту. Ту­ризм (жылына 20 млнго жакын туристтер келет) өнүккөн.