КАМАКУРА
КАМА́КУРА – Япониядагы музей-шаар. Сагами булуңунун жээгинде, Хонсю аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 172,9 миң (2020).

Жолдор тоому. Шаардын архитектурасында салттуу жана заманбап курулуштар айкалышып курулган. Будданын (Дайбуцу) колодон куюлган статуясы (1252; бийиктиги 11,5 м), көптөгөн буддизм жана синтоизм храмдары менен монастырлар (Хасэоэра, VIII кылым; Гокуракудзи, Энгакудзи XIII кылым; Цуругаока Хатимангу, 1063–1828; бардыгы жыгачтан салынган) сакталган. Шаар сёгундардын борбору катары 1192-жылы негизделген. Кино, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Музейлер (улуттук байлык, заманбап искусство), көркөм колдонмо буюмдар, азем белек өндүрүшү бар. Буддисттердин зыярат борбору. Деңиз курорту. Туризм (жылына 20 млнго жакын туристтер келет) өнүккөн.