КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ
КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ – ар кандай формадагы бир жолу колдонулуучу материалдар. Баштапкы К. м. ж-а калыптоо аралашмасы болуп айырмаланат. Баштапкы К. м. калыптоо ж-а стержендик аралашмаларды даярдоодо колдонулат. К. м. толтуруучу, байланыштыруучу ж-а жардамчы болуп бөлүнөт. Толтуруучу К. м-на өрткө туруштук берүүчү кварц куму (мис., хромит) ж-а атайын материалдар (мис., чоюн бытыра) кирет. Кеңири таралган кварц кумунун негизин өрткө чыдамдуу (1710°С) ж-а катуулугу 5,5 – 7 (Моос шкаласы б-ча) кварц (SiO2) түзөт. Курамынын 50%и чоподон турса, ч о п о К. м. деп аталат. Бүртүкчөлөрүнүн өлчөмүнө жараша чополуу кум атайын электен өткөрүлүп, өзүнчө топторго бөлүнөт. Өтө кесектери чоюн куюлмаларында, орточосу ж-а майдасы чоюн ж-а болот куюлмаларында, өтө майдалары – жука чоюн ж-а болот, о. эле түстүү аралашмаларды куюуда колдонулат. Кошумча материалдар м-н куйма кошулманын сапатын жогорулатып, легирленген, отко туруктуу жабдуулар алынат.