КАЛЫГУЛ ЧЕЧЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫГУЛ ЧЕЧЕН Алыбек уулу (1806, Чүй өрөөнү, азыркы Токмок ш. – 1899, о. эле жер) – чечен ж-а калыстыгы м-н таанылган кыргыз элчиси. Уруулар аралык чыр-чатак, ар кандай доо ж. б. маселелерди чечүүгө катышып, эл оозу­на алынган. Кенесары хандын 1-чабуулунан (к. Кенесарынын чапкыны) кийин (1846) кыргыз­дардан элчи болуп казактарга барганда, Кене­сары үйүлгөн кылычтарды көргөзүп: «Силерди чаап алууга даярдап жатам»,– десе, К. ч.: «Өткөн чабуулда мунуңар үйдө калды беле?» – деген.
Хан жооп таба албай: «Оозуңду жап!» – деген­де, «Мени кыргыздар эт жеп, кымыз ичип эмес, керектүү сөз айтып келүүгө жиберген», – деп жал­танбай, так-таасын сөз айткандыгы тууралуу аңыз кептер айтылат. Кенесары сөзгө жыгылып, кыргыз м-н убактылуу ынтымакка келүүгө ма­кул болгон ж-а К. ч-ге олжого кеткен Таштан­бектин (Атакенин уулу) болот кылычын кайра бердирген. Кенесарынын колго түшүп, өлтүрүл­гөндүгүнө байланыштуу сыйлык берүү үчүн Ба­тыш Сибирь генерал-губернатору князь Горча­ков 1847-ж. июлда Ормон хан ж-а Жантай, Жан­гарач манаптарды Омск ш-на чакырган. Алар баруудан баш тартып, Ормон хан өз атынан уулу Үмөтаалыны, Жантай К. ч-ди, Жаңгарач тууга­ны Жалаңтөштү жиберген. Элчилер Омскга Ке­несарынын башын алып барып, анын кандай өлтүрүлгөндүгүн айтып беришкен. Туура көрсөт­мө бергендиги ж-а эрдиги үчүн К. ч. Георгий тас­малуу күмүш медаль м-н сыйланган. Орус бий­лигинин кыргыз элине көрсөткөн зордук-зомбу­лугун токтотууну суранып, К. ч-дин Алматыга (Верный) бир нече жолу барып келгендиги ж-дө да маалыматтар бар. Тарыхчы Б. Солтоноев К. ч-ге жолугуп, кыргыздардын Кенесарынын баскынчылык жортуулдарына каршы күрөшү тууралуу даректүү маалыматтарды жазып алган.


Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том.
Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Б. 1995; Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова. / / Кыргызстан тарыхынын маселелери. ¹ 4. Б., 2006.