КАЛЫГУЛ ЧЕЧЕН
КАЛЫГУЛ ЧЕЧЕН Алыбек уулу (1806, Чүй өрөөнү, азыркы Токмок шаары чен – 1899, ошол эле жер) – чечендиги жана калыстыгы менен таанылган кыргыз элчиси. Уруулар аралык чыр-чатак, ар кандай доо жана башка маселелерди чечүүгө катышып, эл оозуна алынган. Кенесары хандын 1-чабуулунан (кара: Кенесары хандын чапкыны) кийин (1846) кыргыздардан элчи болуп казактарга барганда, Кенесары үйүлгөн кылычтарды көргөзүп: «Силерди чаап алууга даярдап жатам»,– дейт. Анда Калыгул чечен: «Өткөн чабуулда мунуңар үйдө калды беле?» – дептир. Хан жооп таба албай: «Оозуңду жап!» – деп ачууланат. Ошондо чечен: «Мени кыргыздар эт жеп, кымыз ичүү үчүн эмес, керектүү сөз айтып келүүгө жиберген», – деп жалтанбай өз оюн билдирет. Кенесары сөзгө жыгылып, кыргыз менен убактылуу ынтымакка келүүгө макул болгон жана Калыгул чеченге, олжого кеткен Таштанбектин (Атакенин уулу) болот кылычын кайра бердирген. Кенесарынын колго түшүп, өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу сыйлык берүү үчүн Батыш Сибирь генерал-губернатору князь Горчаков 1847-жылы июлда Ормон хан жана Жантай, Жангарач манаптарды Омск шаарына чакырган. Алар баруудан баш тартып, Ормон хан өз атынан уулу Үмөтаалыны, Жантай Калыгул чеченди, Жаңгарач тууганы Жалаңтөштү жиберген. Элчилер Омскга Кенесарынын башын алып барып, анын кандай өлтүрүлгөндүгүн айтып беришкен. Туура көрсөтмө бергендиги жана эрдиги үчүн Калыгул чечен Георгий тасмалуу күмүш медалы менен сыйланган. Орус бийлигинин кыргыз элине көрсөткөн зордук-зомбулугун токтотууну суранып, Калыгул чечендин Алматыга (Верный) бир нече жолу барып келгендиги жөнүндө да маалыматтар бар. Тарыхчы Б. Солтоноев Калыгул чеченге жолугуп, кыргыздардын Кенесарынын баскынчылык жортуулдарына каршы күрөшү тууралуу даректүү маалыматтарды жазып алган.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Б. 1995; Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова. / Кыргызстан тарыхынын маселелери. № 4. Б., 2006.