КАЛУГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛУ́ГА – Россиядагы шаар. Калуга обл-нун адм. борбору. Орто Орус дөңсөөсүндө, Ока д-нын


Калуга. Меймандар ак сарайы. 1782–96, 1811–23.

сол өйүзүндө жайгашкан. Калкы 327,5 миң (2007). Жолдор тоому. Т. ж. бекети. Ока д-нда­гы пристань. Алгач 1371-ж. литва князы Оль­герддин грамотасында эскерилет. К-нын тургун­дары 1605–07-ж. И. И. Болотников жетектеген көтөрүлүштү колдогон. 1776–1929-ж. Калуга гу­берниясынын, 1944-жылдан Калуга обл-нун бор­бору. 1859–68-ж. имам Шамил (ардактуу тут­кун катары) жашаган. Мурда шаарда жыгач ку­рулуштар басымдуулук кылса, 17-к-дын орто че­нинен таштан салынган чиркөөлөр курула баш­таган. Барокко стилиндеги 4 баскычтуу коңгу­роолуу Успение (1754–62), Ыйык Ионн Предте­ча (1734–35), Ыйыктар Косма ж-а Дамиан (1794) чиркөөлөрү, Троица собору, дворяндар окуу жайы (1779; учурда Мамл. пед. ун-т), почтамт (1782), меймандар ак сарайы, Макаров палатасы, Обо­ленскийдин үйү ж. б. сакталган. Машина куруу (электроника, транспорт ж-а ө. ж. жабдуулары), «Калугаприбор» (байланыш аппаратуралары), «Автоэлектроника-Элкар» ил.-өндүрүштүк иш­канасы, «Промприбор» (1992; сууну ж-а жы­луулук энергиясын эсептөөчү приборлор), «Мега- К» (1991; контактсыз өчүрүүчү приборлор ж-а датчиктер), электр-мех., металл иштетүү, транс­порттук машина куруу [(т. ж. техникаларын ж-а автомобилдерди германиялык «Volkswagen» концернинин лицензиясынын негизинде чогул­тат (моделдери: «VW Passat», «Skoda Octavia»)], булгаары – бут кийим («Калуга – Шен-Заря» Россия – Германия бирикмеси), жыгаччылык («Гигант» бирикмеси), хим., тамак-аш («Крис­талл» арак-шарап, пиво, эт, сүт ж. б.) ө. ж. иш­каналары, клавишалуу муз. аспаптар өндүрүшү иштейт. Телемех. курулмалар ИИИ, Калуга ил. борбору, 16 ЖОЖ (а. и. филиалдар, пед. ин-т), авиация ж-а космос техникалары ил.-из. лабор­сы, китепканалар, музейлер (а. и. край таануу, сүрөт, К. Э. Циолковский атн. Космонавтика та­рыхы ж-а анын филиалы ж. б.), Циолковский­дин үй-музейи, театрлар, планетарий бар. 2002- жылдан 3 жылда бир С. И. Танеев атн. камера­лык ансамблдердин эл аралык конкурсу, «Ка­луга жазы» иск-во фестивалы (2004-жылдан) ж. б. өткөрүлүп турат.

Ч. Дүйшөналиев.