КАЛУГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛУ́ГА – Россиядагы шаар. Калуга облусунун административдик борбору. Орто Орус дөңсөөсүндө, Ока дарыясынын


Калуга. Меймандар ак сарайы. 1782–96, 1811–23.

сол өйүзүндө жайгашкан. Калкы 327,5 миң (2007). Жолдор тоому. Темир жол бекети. Ока дарыясында­гы пристань. Алгач 1371-жылы литва князы Оль­герддин грамотасында эскерилет. Калуганын тургун­дары 1605–07-жылдарда И. И. Болотников жетектеген көтөрүлүштү колдогон. 1776–1929-жылдарда Калуга гу­берниясынын, 1944-жылдан Калуга облусунун бор­бору. 1859–68-жылдарда имам Шамил (ардактуу тут­кун катары) жашаган. Мурда шаарда жыгач ку­рулуштар басымдуулук кылса, 17-кылымдын орто че­нинен таштан салынган чиркөөлөр курула баш­таган. Барокко стилиндеги 4 баскычтуу коңгу­роолуу Успение (1754–62), Ыйык Ионн Предте­ча (1734–35), Ыйыктар Косма ж-а Дамиан (1794) чиркөөлөрү, Троица собору, дворяндар окуу жайы (1779; учурда мамлекеттик педагогикалык университет), почтамт (1782), меймандар ак сарайы, Макаров палатасы, Обо­ленскийдин үйү ж. б. сакталган. Машина куруу (электроника, транспорт ж-а өнөр жай жабдуулары), «Калугаприбор» (байланыш аппаратуралары), «Автоэлектроника-Элкар» илимий-өндүрүштүк иш­канасы, «Промприбор» (1992; сууну ж-а жы­луулук энергиясын эсептөөчү приборлор), «Мега- К» (1991; контактсыз өчүрүүчү приборлор ж-а датчиктер), электр-механикалык, металл иштетүү, транс­порттук машина куруу [(темир жол техникаларын ж-а автомобилдерди германиялык «Volkswagen» концернинин лицензиясынын негизинде чогул­тат (моделдери: «VW Passat», «Skoda Octavia»)], булгаары – бут кийим («Калуга – Шен-Заря» Россия – Германия бирикмеси), жыгаччылык («Гигант» бирикмеси), химиялык, тамак-аш («Крис­талл» арак-шарап, пиво, эт, сүт ж. б.) өнөр жай иш­каналары, клавишалуу музыкалуу аспаптар өндүрүшү иштейт. Телемеханикалык курулмалар ИИИ, Калуга илимий борбору, 16 ЖОЖ (анын ичинде филиалдар, педагогикалык институт), авиация ж-а космос техникалары илимий-изилдөө лаборатория­сы, китепканалар, музейлер (анын ичинде край таануу, сүрөт, К. Э. Циолковский атындагы космонавтика та­рыхы ж-а анын филиалы ж. б.), Циолковский­дин үй-музейи, театрлар, планетарий бар. 2002-жылдан 3 жылда бир С. И. Танеев атындагы камера­лык ансамблдердин эл аралык конкурсу, «Ка­луга жазы» искусство фестивалы (2004-жылдан) ж. б. өткөрүлүп турат.

Ч. Дүйшөналиев.