КАЛМЫРЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМЫРЗА Сарпек уулу (1866, Чүйдүн Он Бир- Жылгасы – 1910) – төкмө акын. Жамакты жам­гырдай төгүп, эл арасында кара жаак аталган.
Атасы Сарпек кедей адам болгондуктан, ал жар­дылыктын запкысын тарткан. Чыг-лык жолу, жашоо-турмушу татаал болгон. Ал Талас жер­гесин кыдырат, Олуя-Ата, Меркеде жүрүп, ка­зак туугандарын аралайт. Шабдандын жарда­мы м-н Чүйгө көчүп келген акындын турмушун­да, чыг-лыгында чоң бурулуш болот. 1900-жыл­дардын тегерегинде Чолпонкул манаптын бала­сы Жапаркулдун ашында Найманбай акын м-н айтышып, аны жеңип, чоң акын катары таа­нылат. К. кедей болсо да, жакшы кийинип, «ал­чактаган ак боз ат минип», эркин ырдаган.