КАЛМЫРЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМЫРЗА Сарпек уулу (1866, Чүйдүн Он Бир-Жылгасы – 1910) – төкмө акын. Жамакты жам­гырдай төгүп, эл арасында кара жаак аталган. Атасы Сарпек кедей адам болгондуктан, ал жар­дылыктын запкысын тарткан. Чыгармачылык жолу, жашоо-турмушу татаал болгон. Ал Талас жер­гесин кыдырат, Олуя-Ата, Меркеде жүрүп, ка­зак туугандарын аралайт. Шабдандын жарда­мы м-н Чүйгө көчүп келген акындын турмушун­да, чыгармачылыгында чоң бурулуш болот. 1900-жыл­дардын тегерегинде Чолпонкул манаптын бала­сы Жапаркулдун ашында Найманбай акын м-н айтышып, аны жеңип, чоң акын катары таа­нылат. Калмырза кедей болсо да, жакшы кийинип, «ал­чактаган ак боз ат минип», эркин ырдаган.