КАЛМАК-ДӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК-ДӨБӨ – б. з. ч. 1-миң жылдыкка таандык көрүстөндөр. Кырг-ндын бардык ай­мактарында кездешип, жерг. элде Калмак- Дөбө деген ат м-н белгилүү.

Аталышы калмактарга байланыштуу болгону м-н эстелик байыркы коомго таандык болуп, калмактарга эч тиеше­си жок экендиги маалым. Эл ичинде Калмак- Дөбөдөн башка «Калмак-Арык» деп аталган би­йик тектирге суу чыгарчу арыктар да белгилүү. Жогорудагыдай эле алар да мезгили жагынан кыйла улуу келип, калмактарга эч байланы­шы жок. Калмак-Дөбө деп аталган жерлер сак дооруна таандык көлөмдүү көрүстөн жайгашкан жерлер м-н байланыштуу.

К. Табалдиев.