КАЛМАК-ДӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК-ДӨБӨ – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкка таандык көрүстөндөр. Кыргызстандын бардык ай­мактарында кездешип, жергиликтүү элде Калмак-Дөбө деген ат менен белгилүү.

Аталышы калмактарга байланыштуу болгону менен эстелик байыркы коомго таандык болуп, калмактарга эч тиеше­си жок экендиги маалым. Эл ичинде Калмак- Дөбөдөн башка «Калмак-Арык» деп аталган би­йик тектирге суу чыгарчу арыктар да белгилүү. Жогорудагыдай эле алар да мезгили жагынан кыйла улуу келип, калмактарга эч байланы­шы жок. Калмак-Дөбө деп аталган жерлер сак дооруна таандык көлөмдүү көрүстөн жайгашкан жерлер менен байланыштуу.

К. Табалдиев.