КАЛИНИНГРАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИНИНГРА́Д (1946-ж. чейин К ё н и г с­б е р г) – Россиядагы шаар. Калининград обл­нун адм. борбору.

<img src='КАЛИНИНГРАД3.png' alt='Преголя дарыясынын жээги. '/>Преголя д. Калининград бу­луңуна куя бериште жайгашкан. Балтика де­ңизи м-н терең суу каналы аркылуу байланы­шат. Калкы 422,3 миң (2007). Эл аралык аэро­порту бар. К-да деңиз причалдары, деңиз порт­тору (тоңбогон) жайгашкан. Т. ж. тоому. Ири деңиз балык флотунун ж-а балык ө. ж-нын бор­бору. 1255-ж. негизделген. 1525–1618-ж. Прус­сия герцогдорунун резиденциясы. 1701-жылдан Пруссия королдугунун, 1871-жылдан Германия­нын курамында. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1945-ж. Потсдам конф-ясынын чечими м-н К. ж-а ага чектеш жаткан аймактар СССРге өткөн. 1946-жылдын 7-апрелинен РСФСРдин курамындагы Кёнигсберг (1946-ж. 7-июлдан Калининград) обл-нун адм. борбору. Машина ку­руу [телевизор, турмуш-тиричилик техникала­ры, ө. ж. жабдуулары, «Балткран» (порт кран-


дарын ж-а жабдууларды чыгарат) өндүрүшү ж. б.], вагон куруу ж-а «Калининградгазавто­матика» (нефть-газ ө. ж. үчүн жабдуу) з-ддору, «Золотое сечение» (жыгаччылык ө. ж. үчүн), «Электр ширетүүчү», «Факел» (спутник систе­малары үчүн жабдуу), «Янтарь» (кеме ремонт­тоо) ишканалары, курулуш материалдар, тамак­аш (балык беленделет, сүт азыктары, кондитер, ичимдик ж. б.), тамеки ө. ж., 2 ЖЭС иштейт. Шаардын борб. бөлүгүндө Кудай эне ж-а Ыйык Адальберт (13–14-к.; мунарасы 16-к.) ж-а готи­ка стилиндеги кафедралуу соборлор (14–16-к.), Бранденбург, Король дарбазалары (королдордун статуялары м-н), Дер Дон мунарасы (19-к., учур­да жакут музейи), форттор, бастиондор ж. б. сакталган. К. ш-нын аймагынын 1/ ин парктар, бактар ж-а гүлбакчалар ээлейт. О. эле 130га жа­кын көл ж-а көлмөлөр кездешет. ИИИлер (а. и. балык ж-а океанография), 21 ЖОЖ (а. и. ун-т, филиалдар, өкүлчүлүктөр), Балтика балык про­мысели флотунун мамл. академиясы (1966; мур­дагы жогорку деңиз окуу жайы), 2 театр, тары­хый-сүрөт музейи, сүрөт галереясы, филармония, философ И. Канттын бейити бар. Зоопарк уюш­турулган. Жыл сайын эл аралык (орган музыка­сы, иск-во ж. б.) фестивалдар өткөрүлүп турат. Шаар М. И. Калининдин ысмынан аталган.