КАЛИНИНГРАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИНИНГРА́Д (1946-жылга чейин К ё н и г с ­б е р г) – Россиядагы шаар. Калининград облусу­нун административдик борбору.

Преголя дарыясынын жээги.

Преголя дарыясынын Калининград бу­луңуна куя бериште жайгашкан. Балтика де­ңизи менен терең суу каналы аркылуу байланы­шат. Калкы 422,3 миң (2007). Эл аралык аэро­порту бар. Калининградда деңиз причалдары, деңиз порт­тору (тоңбогон) жайгашкан. Тогуз жол тоому. Ири деңиз балык флотунун жана балык өнөр жайынын бор­бору. 1255-жылы негизделген. 1525–1618-жылдары Прус­сия герцогдорунун резиденциясы. 1701-жылдан Пруссия королдугунун, 1871-жылдан Германия­нын курамында. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1945-жылы Потсдам конференциясынын чечими менен Калининград жана ага чектеш жаткан аймактар СССРге өткөн. 1946-жылдын 7-апрелинен РСФСРдин курамындагы Кёнигсберг (1946-жылы 7-июлдан Калининград) облусунун административдик борбору. Машина ку­руу [телевизор, турмуш-тиричилик техникала­ры, өнөр жай жабдуулары, «Балткран» (порт крандарын жана жабдууларды чыгарат) өндүрүшү жана башкалар], вагон куруу жана «Калининградгазавто­матика» (нефть-газ өнөр жай үчүн жабдуу) заводдору, «Золотое сечение» (жыгаччылык өнөр жай үчүн), «Электр ширетүүчү», «Факел» (спутник систе­малары үчүн жабдуу), «Янтарь» (кеме ремонт­тоо) ишканалары, курулуш материалдар, тамак-­аш (балык беленделет, сүт азыктары, кондитер, ичимдик жана башкалар), тамеки өнөр жайы, 2 жылуулук электр станциясы иштейт. Шаардын борбордук бөлүгүндө Кудай эне жана Ыйык Адальберт мунарасы (XIII–XIV кылымдар; XVI кылым) жана готи­ка стилиндеги кафедралуу соборлор (XIV–XVI кылымдар), Бранденбург, Король дарбазалары (королдордун статуялары менен), Дер Дон мунарасы (XIX кылым, учур­да жакут музейи), форттор, бастиондор жана башкалар сакталган. Калининград. шаарынын аймагынын ин парктар, бактар жана гүлбакчалар ээлейт. Ошондой эле 130га жа­кын көл жанаа көлмөлөр кездешет. Илим-изилдөө институттары (анын ичинде балык жана океанография), 21 жогорку окуу жайлары (анын ичинде университет, филиалдар, өкүлчүлүктөр), Балтика балык про­мысели флотунун мамлекеттик академиясы (1966; мур­дагы жогорку деңиз окуу жайы), 2 театр, тары­хый-сүрөт музейи, сүрөт галереясы, филармония, философ И. Канттын бейити бар. Зоопарк уюш­турулган. Жыл сайын эл аралык (орган музыка­сы, искусство жана башкалар) фестивалдар өткөрүлүп турат. Шаар М. И. Калининдин ысмынан аталган.