КАЛИ
КА́ЛИ – Колумбиянын батышындагы шаар.
Валье-дель-Каука департаментинин адм. борбору. Чыгыш Анд Кордильерасы кырка тоосунун
чыгыш капталында, деңиз деңг. 1005 м бийикте жайгашкан. Калкы 2,2 млн (2008; шаар айланасы м-н); калкынын саны ж-а экон. мааниси б-ча Колумбиядагы 3-шаар. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда. 1536-ж. негизделген. Кафедралуу собор,
чиркөө (1757–64), капелла ж-а мунара (экөө тең
18-к.) сакталган. Ун-ттер, Олимпиялык спорт гимназиясы, музейлер (а. и. иск-во, археол., тарых, заманбап иск-во, алтын буюмдар коллекциясы ж. б.), театрлар бар. Колумбия ири спорт
борбору. Панамерика оюндары (1971), сууда сүзүү
спортунун дүйнөлүк чемпионаты (1975), аялдар (1975) ж-а эркектер (1982) арасында баскетбол б-ча чемпионат өткөрүлгөн. Ат майдан, зоопарк бар. Тамак-аш (негизинен кант, спирт, алкоголдуу ичимдиктер, шалы акталат, ун), жеңил, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент,
хим., машина куруу (а. и. электр-тех., электроника), целлюлоза-кагаз, түстүү металлургия
ө. ж. ишканалары иштейт. К. – а. ч-луу ири
аймактын борбору. Бал камыш, пахта, тамеки, какао, кофе, цитрус өсүмдүктөрү, күрүч, арпа, киноа, маниок, картөшкө айдалат. Шаардын түштүгүнөн таш көмүр казылып алынат. Четжакасында көптөгөн «кант асьендалары» (анын айрымдары колониялык турмушту элестеткен майда музейлерге айландырылган) сакталган.