ДАНИКЕЕВ
ДАНИКЕЕВ Өскөн (21. 12. 1934. Чүй облусу,Сокулук району, Чоӊ-Жар айылы 14.08.2025. Бишкек.) – Кыргыз эл жазуучусу (1991).

1948–1951-жылдары борборубуздагы №5 кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланган. Москва тоо-кен институтун бүткөн (1956). 1956–62-жылдарда Кыргыз ССР эл, чарба советинин көмүр өнөр жайы боюнча жетектөөчү инженери, 1962–75-жылдарда ФПИде улук окутуучу, доцент, 1975–77-жылдарда СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курстун угуучусу, 1977– 84-жылдарда «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий кеӊешчи, 1984–91-жылдарда союздун секретары, 1991–92-жылдарда адабий фондунун жетекчиси, 1984-жылдан Кыргызстандагы Тынчтык фондунун төрагасы. «Бакир» (1961), «Кыздын сыры» (1963), «Эне мээрими» (1968), «Өмүр белестери» (1970), «Кызыл аска» (1979), «Көз ирмемдеги өмүр» (1981), «Көкөй кести» (1982), «Мурас» (1990) жана башка чыгармалардын автору. 1940–90-жылдарда кыргыз коомчулугунун социалдык турмушун көркөм талдоого алып, актуалдуу заманбап маселелерди козгогон. Даникеев «Кыздын сыры» повести менен журтчулукка чыныгы калемгер катары таанылган. Анда жазуучу адам баласынын ыйык, улуу сезими – махабатты даӊазалаган. А. Токомбаев: «”Кыздын сыры” бул повесть эмес, кара сөз менен жазылган поэма... поэзия» деген. Повесть кыргыз адабиятында алгач өнөр жай темасына арналып, кенчилердин турмушун чагылдырган. 1981-жылы режиссер Жалил Соданбек повесть боюнча көркөм фильм тарткан. «Кызыл аска» повестинде жөнөкөй адамдын тагдыры, жашоо-тиричилиги, дүйнө таанымы, турмушка мамилеси чагылдырылган. «Көз ирмемдеги өмүр» повестинде кыргыз элинин 19-кылымдагы социалдык, коомдук-саясий турмушу көркөм жалпыланат. Даникеевге «Көкөй кести» романы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (1986). Романда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында алыскы тоо арасында калган алты адамдын тагдыры көркөм талдоого алынган. Сынчылар К. Асаналиев, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Эркебаев, К. Ибраимов бул чыгарма кыргыз адабиятындагы жаӊычыл роман экендигин белгилешкен. «Мурас» романында көркөм стиль менен илимий стилди чебер айкалыштырган жазуучуну ата мурастарыбыздын таржымал-тагдыры түйшөлтөт. Элибиздин этногенези, диний ишенимдери сыяктуу көйгөйлүү маселелер жазуучунун ой-толгоолору аркылуу кызыктуу берилген. 2005-жылы «Арман» аттуу роман-эссеси жарык көргөн. 1970-жылы биринчи жолу кыргыз тилинде «Сызма геометрия» аттуу окуу китебин жазган. 1974-жылы «Инженердик графика боюнча терминологиялык сөздүктү» түзгөн. Анын орус тилинде «Сердце матери» (1968), «Юный Кутуйан» (1988), «Жизнь – мгновение» – «Юный Кутуйан» (М., 1989), украин тилинде «Видчай» (Киев, 1990), тажик тилинде «Рози нихон» (Душанбе, 1983) деген аталыштагы китептери жарык көргөн. Айрым чыгармалары чет тилдерге которулган. Достоевский, Лесков, Анкилов, Азиз Несин жана башка жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Эл агартуунун жана СССР Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөө озипасынын отличниги, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору «Ардак Белгиси», III даражадагы Манас ордени жана медалдар менен сыйланган. «Көкөй кести» романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Эл ортосундагы ынтымак, бейпилдикти сактоо, бекемдөө жаатындагы үзүрлүү ишмердиги үчүн Советтик тынчтык фондусу менен Эл аралык Тынчтык Фондулар Ассоциациясынын Алтын медалдары ыйгарылган. Эл агартуунун жана СССР Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөө озипасынын отличниги, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору.
С. Егимбаева.