ДАНИКЕЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАНИКЕЕВ Өскөн (21. 12. 1934. Чүй облусу, Сокулук району, Чоӊ-Жар айылы –14.08.2025. Бишкек.) – Кыргыз эл жазуучусу (1991).

1948-1951-жылдары борборубуздагы №5 кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланган. Москва тоо-кен институтун бүтүргөн (1956). Кыргыз ССР Эл  чарба советинин көмүр өнөр-жайы боюнча жетектөөчү инженер (1956-1962). Фрунзе политехникалык институтунда улук окутуучу, доцент (1962-1975). СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курстун угуучусу (1975-1977). «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий кеӊешчи (1977-1984). Союздун секретары (1984-1991). Адабий фондунун жетекчиси (1991-1992) СССР жазуучулар союзунун адабий фонд башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын шайлоолор боюнча Борбордук комиссиясынын, ошондой эле республикалык, эл аралык бир катар уюмдардын мүчөсү болгон. 1984-жылдан тартып Кыргызстан тынчтык фондусунун төрагасы, Кыргыз совет энциклопедиясынын техникалык редакциясынын мүчөсү болгон. Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган (1984).

Билим берүү тармагында биринчи болуп кыргыз тилинде «Сызма геометрия» окуу китебин жазган (1970). Ошондой эле «Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн» түзгөн (1974).

«Бакир» (1961), «Кыздын сыры» (1963), «Эне мээрими» (1968), «Өмүр белестери» (1970), «Кызыл аска» (1979), «Көз ирмемдеги өмүр» (1981), «Көкөй кести» (1982), «Мурас» (1990) жана башка чыгармалардын автору.  «Кыздын сыры» аттуу повести орус, француз жана башка тилдерге которулуп, 1982-жылы Жали Сооданбек тарабынан "Түшүндүрмө издебе" ("Не ищи объяснение") фильми тартылган.

Жазуучу Достоевский, Лесков, Анкилов, Азиз Несин, Вампиловдун чыгармаларын которуп, алардын драмалык чыгармалары облустук, республикалык театрларда коюлган.

1940-1990-жылдарда кыргыз коомчулугунун социалдык турмушун көркөм талдоого алып, актуалдуу заманбап маселелерди козгогон. Даникеев «Кыздын сыры» повести менен журтчулукка чыныгы калемгер катары таанылган. Анда жазуучу адам баласынын ыйык, улуу сезими – махабатты даӊазалаган. А. Токомбаев: «”Кыздын сыры” бул повесть эмес, кара сөз менен жазылган поэма... поэзия» деген. Повесть кыргыз адабиятында алгач өнөр жай темасына арналып, кенчилердин турмушун чагылдырган. «Кызыл аска» повестинде жөнөкөй адамдын тагдыры, жашоо-тиричилиги, дүйнө таанымы, турмушка мамилеси чагылдырылган. «Көз ирмемдеги өмүр» повестинде кыргыз элинин 19-кылымдагы социалдык, коомдук-саясий турмушу көркөм жалпыланат. Даникеевге «Көкөй кести» романы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (1986). Романда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында алыскы тоо арасында калган алты адамдын тагдыры көркөм талдоого алынган. Сынчылар К. Асаналиев, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Эркебаев, К. Ибраимов бул чыгарма кыргыз адабиятындагы жаӊычыл роман экендигин белгилешкен. «Мурас» романында көркөм стиль менен илимий стилди чебер айкалыштырган жазуучуну ата мурастарыбыздын таржымал-тагдыры түйшөлтөт. Элибиздин этногенези, диний ишенимдери сыяктуу көйгөйлүү маселелер жазуучунун ой-толгоолору аркылуу кызыктуу берилген. 2005-жылы «Арман» аттуу роман-эссеси жарык көргөн. Анын орус тилинде «Сердце матери» (1968), «Жизнь – мгновение» – «Юный Кутуйан» (1989), украин тилинде «Видчай» (1990), тажик тилинде «Рози нихон» (1983) деген аталыштагы китептери жарык көргөн. Айрым чыгармалары чет тилдерге которулган.

Эл агартуунун жана СССР Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөө озипасынын отличниги, И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору. «Ардак Белгиси», III даражадагы Манас ордени жана медалдар менен сыйланган. «Көкөй кести» романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Эл ортосундагы ынтымак, бейпилдикти сактоо, бекемдөө жаатындагы үзүрлүү ишмердиги үчүн Советтик тынчтык фондусу менен Эл аралык Тынчтык Фондулар Ассоциациясынын Алтын медалдары ыйгарылган. Эл агартуунун жана СССР Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөө озипасынын отличниги болгон.

С. Егимбаева.