ИВАНОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:38, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́НОВКА – Чүй облусунун Ысык-Ата районун­дагы кыштак. Ивановка айыл өкмөтүнө караш­туу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кант шаарынан 21 км чы­гыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 6 км. Кыштак 1890-жылы негизделген. Калкы 15 512 (2007). Жоопкерчилиги чектелген ж-а мамлекеттик АКлар, сугат башкармалыгы, «Ысык-Ата Торг» өндүрүш комплекси, үй-бүлөлүк врачтар тобу, райондук оорукананын филиалы иштейт. Эки орто ж-а 3 башталгыч мектеп, 2 китепкана, 2 бала бакча, 2 клуб, стадион бар. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.