ИВАНОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́НОВКА – Чүй облусунун Ысык-Ата районун­дагы кыштак. Ивановка айыл өкмөтүнө караш­туу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кант шаарынан 21 км чы­гыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 6 км. Кыштак 1890-жылы негизделген. Калкы 18 261 (2022). Жоопкерчилиги чектелген ж-а мамлекеттик АКлар, сугат башкармалыгы, «Ысык-Ата Торг» өндүрүш комплекси, үй-бүлөлүк врачтар тобу, райондук оорукананын филиалы иштейт. Эки орто ж-а 3 башталгыч мектеп, 2 китепкана, 2 бала бакча, 2 клуб, стадион бар. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.