КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ (Чоң Алай кырка тоосунда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:23, 29 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ to КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ (Чоң Алай кырка тоосунда)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы Корумду суусунун төрүндө жайгашкан үч мөңгү (Чыгыш, Ортонку ж-а Батыш Корумду мөңгүлөрү). Ч ы г ы ш Корумду мөңгү­сү татаал өрөөн тибинде. Узундугу 6,2 км, аянты 13,9 км2, көлөмү 0,6 км3. Башы деңиз деңгээлинен 5440 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийиктиги 4620 м, абляциясынын аянты 4,0 км2. О р т о н к у Корумду мөңгүсү өрөөн тибиндеги мөңгүгө кирет. Узундугу 5,5 км, аянты 3,9 км2, көлөмү 0,2 км3. Башы деңиз деңгээлинен 5330 м, этеги 3820 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийикт. 4520 м, абляциясынын аянты 1,8 км2. Б а т ы ш Корумду мөңгүсү – өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,4 км, аянты 4,9 км2, көлөмү 0,3 км3. Башы деңиз деңгээлинен 4700 м, этеги 4020 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4360 м, абляциясынын аянты 1,9 км2. Мөңгүлөр­дөн башталган суулардан Кызыл-Суунун сол куймасы – Корумду суусу куралат.