КОЖОЯР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОЯР – Ысык-Көл районундагы кыштак. Се­мёнов атындагы айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1755 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Чолпон-Ата шаарынан 40 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 120 км. Калкы 2788 (2022); негизинен мал багышат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.