КОЖОЯР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЖОЯР – Ысык-Көл р-нундагы кыштак. Семёнов атн. айыл округуна караштуу. Бишкек –
Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1755 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата ш-нан 40 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 120 км. Калкы 2385 (2008); негизинен мал багышат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.