КОЖОМБЕРДИЕВ Турар
КОЖОМБЕРДИЕВ Турар (22. 6. 1941, Чүй облусу, Жайыл району, Сары-Булак айылы – 30. 1. 1989, Бишкек)

– акын, котормочу, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1968). 1966-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1965–66-жылдарда «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылы «Кыргызстан» басмасында редактор, 1970-жылдардын 2-жарымында маданият министрлигинде, 1976–83-жылдарда республикалык методикалык борбордо бөлүм башчы болуп иштеген. Туңгуч ырлар жыйнагы 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат м-н жарык көргөн. Кожомбердиев – Бүткүл союздук фестивалдардын катышуучусу. «Кызылалма» (1965), «Тоо үстүндөгү күн» (1966), «Таңкы симфония» (1968), «От өчпөгөн коломто» (1972), «Эне жана от» (1972), «Кызгылтым кеч» (1973), «Нурлуу терезе» (1975), «Токтогул ГЭСи» (1976), «Ай тийген тоо» (1981), «Ыр булак» (1984) ж. б. ыр жыйнактары бар. Кожомбердиев метафоралуу ой жүгүрткөн, айлана-чөйрөнү өзгөчө баамдаган лирик акын, поэзия м-н сүрөт жарата билген сезимтал сүрөткер катары кыргыз поэзиясын жаңы көз караш, көркөм табылгалар, жаңы темалар м-н байыткан. Кыргыз адабиятында обонго ылайыкталган ыр жанрын өзгөчө бийиктикке көтөргөн. К. Молдобасанов м-н бирдикте «Саманчынын жолу» аттуу балет-ораторияcынын, «Гүлдө Кыргызстан», «Шаңдан мекен» кантатанын, М. Абдраев м-н бирдикте «Лирикалык хоровод», Т. Эрматов м-н бирдикте «Элүү жылда элим жаңырды» аттуу кантаталардын тексттерин жазган. 70тен ашуун ырларына обон чыгарылган. Кожомбердиевдин айрым ырлары орус, украин, казак, азербайжан, өзбек, француз, англис ж. б. тилдерге которулган. Кара-Балта шаарындагы борбордук көчөгө ж-а өзү туулуп өскөн айылындагы көчөгө, Сары-Булак орто мектебине ысмы ыйгарылган.
Ад.: Кожомбердиева У. Турар Кожомбердиев. Эскерүүлөр. Б., 2010.