КОЖОМБЕРДИЕВ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОМБЕРДИЕВ Турар (22. 6. 1941, Чүй обл., Жайыл р-ну, Сары-Булак айылы – 30. 1. 1989, Бишкек)

– акын, котормочу, Кырг-н Ленин ком­сомолу сыйл. лауреаты (1968). 1966-ж. КМУнун филология ф-тин бүтүргөн. 1965–66-ж. «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969-ж. «Кыр­гызстан» басмасында редак­тор, 1970-жылдардын 2-жа­рымында Маданият ми­нистрлигинде, 1976–83-ж. Респ. методикалык борбор­до бөлүм башчы болуп иш­теген. Туңгуч ырлар жыйна­гы 1961-ж. «Көлчүктөгү ай» деген ат м-н жарык көргөн. К. – Бүткүл союз­дук фестивалдардын катышуучусу. «Кызыл алма» (1965), «Тоо үстүндөгү күн» (1966), «Таң­кы симфония» (1968), «От өчпөгөн коломто» (1972), «Эне жана от» (1972), «Кызгылтым кеч» (1973), «Нурлуу терезе» (1975), «Токтогул ГЭСи» (1976), «Ай тийген тоо» (1981), «Ыр булак» (1984) ж. б. ыр жыйнактары бар. К. метафоралуу ой жүгүрткөн, айлана-чөйрөнү өзгөчө баамдаган лирик акын, поэзия м-н сүрөт жарата билген сезимтал сүрөткер катары кыргыз поэзиясын жаңы көз караш, көркөм табылгалар, жаңы темалар м-н байыткан. Кыргыз ад-тында обон­го ылайыкталган ыр жанрын өзгөчө бийиктик­ке көтөргөн. К. Молдобасанов м-н бирдикте «Са­манчынын жолу» аттуу балет-ораторияcынын, «Гүлдө Кыргызстан», «Шаңдан мекен» канта­танын, М. Абдраев м-н бирдикте «Лирикалык хоровод», Т. Эрматов м-н бирдикте «Элүү жыл­да элим жаңырды» аттуу кантаталардын тек­сттерин жазган. 70тен ашуун ырларына обон чыгарылган. К-дин айрым ырлары орус, укра­ин, казак, азербайжан, өзбек, француз, англис ж. б. тилдерге которулган. Кара-Балта ш-нда­гы борбордук көчөгө ж-а өзү туулуп өскөн айы­лындагы көчөгө, Сары-Булак орто мектебине ысмы ыйгарылган.


Ад.: Кожомбердиева У. Турар Кожомбердиев. Эс­керүүлөр. Б., 2010.