КИРИБАТИ
КИРИБА́ТИ , К и р и б а т и Р е с п у б л и к а с ы – Океаниядагы мамлекет, Тынч океандын экватордук батыш бөлүгүндө. Ал 3 аралдар тобунан турган 33 аралды (атоллду; анын 21инде эл жашайт) камтыйт: Гилберт аралдары (16 арал; бардыгында эл жашайт), Феникс аралдары (8 арал; Кантон (Абариринга) аралында эл жашайт), Лайн аралдары (8

арал; Табуаэран, Тераина, Рождество аралдарында эл жашайт), ошондой эле Банаба аралы (эл жашайт; Гилберт аралынан 400 км батыш тарапта). Аймагы батыштан (Банаба а-ралынан) чыгышты (Каролайн аралын) карай 4 миң кмдей аралыкка созулат. Кургактыктын аянты 719 км2 (башка маалыматтар боюнча 811 км2). Калкы 134,5 миң (2024). Борбору – Баирики (Тарава атоллунда). Расмий тили – англис тили; калкынын көбү кирибати тилинде сүйлөйт. Административдик жактан 6 районго (Банаба аралы, Гилберттин Түндүк аралы, Гилберттин Борбор аралы, Гилберттин Түштүк аралы, Лайн аралы, Тарава аралы) ж-а 21 арал кеңешине (эл жашаган аралдардын санына жараша) бөлүнөт. Акча бирдиги – Австралия доллары.
Кирибати – БУУнун (1999), Шериктештиктин (1979), Тынч океан аралдар форумунун (1971; 2000-жылга чейин Түш Тынч океан форумунун), ЭВФтин (1986), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1986) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Кирибати – унитардык мамлекет. Кирибатинин Конституциясы 1979-жылы 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент, 4 жылдык мөөнөткө шайланат (3 жолу кайра шайланганга укугу бар). Президент парламент депутаттарынан вице-президентти дайындайт. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы бир палаталуу парламент – Чогулуш палатасы. Аткаруу бийлик өкмөткө (кабинет) таандык, курамына президент, вице-президент ж-а министрлер кирет. Кирибатиде көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Манеабан Те Маури» («Чогулушту коргоо»), «Боутокаан Те Коауа» («Чындык мыктылары»).
Табияты. Гилберт, Феникс ж-а Лайн аралдары– коралл (шуру) рифи м-н курчалган түздүктүү атоллдор (деңиз деңгээлинен 5–8 м гана жогору); Банаба аралы – көтөрүңкү атолл (бийиктиги 81 м, Кирибатинин эң бийик жери). Негизинен коралл (шуру) акиташ тектеринен түзүлгөн. Гилберт ж-а Лайн аралдары суу астындагы жанартоо атылышынан пайда болгон тоолордун үстүндө жайгашып, Тынч океандын Борбордук чуңкурдугун батыштан ж-а чыгыштан тороп турат. Феникс аралы Борбордук чуңкурдуктун түштүк, Банаба аралы Меланезия чуңкурдугунун борбордук бөлүктөрүндө жайгашкан. Банаба аралында фосфорит кени бар, бирок ал 1979-жылдан бери казылбайт; экономикалык зонасында темир-марганец конкрециялары кездешет. Климаты экватордук деңиздик; жылдык орточо температурасы 27°С, сезон боюнча бир аз гана өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өл-

чөмү Гилберт, Лайн аралдарынын түштүк бөлүктөрүндө ж-а Феникс аралында 1000 мм ж-а андан аз, Гилберт аралынын түндүк бөлүгүндө 3000 ммге чейин жаайт. Жаан-чачын аймак боюнча текши жаабайт, кургакчыл мезгил тез-тез болот. Ноябрь–март айларында тайфун жүрөт. Тузсуз суу ресурсу чектелүү. Агын суулары жок; тузсуз суунун негизги булагы – жамгыр суусу, кудуктардан бир аз мала туздуу суу чыгат. Кургакчыл жылдары Кирибатиде суу ресурстары өтө таңкыс болот. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн маданий өсүмдүктөр (кокос пальмасы, нан дарагы, таро, банан ж. б.) ээлейт. Айрым жерлеринде жергиликтүү өсүмдүктөр кездешет, мисалы, Кирибатинин түштүк бөлүгүндөгү жапыз өскөн бадалдар, түндүк бөлүгүндөгү жапыз дарактар ж. б.; Гилберт аралынын жээктеринин айрым жерлеринде мангр токою өсөт. Өлкөнүн аймагы жаныбарларга жарды. Негизинен деңиз экосистемасын коргоо максатында бир нече корук уюшулган; анын ичинде Феникс аралындагы деңиз паркы (аянты 410,5 миң км2)– дүйнөдөгү коргоого алынган ири аймактардын бири.
Калкы. Кирибатинин негизги калкын (97,8%ин) микронезиялык кирибатилер түзөт. Калкынын саны 20-кылымдын ортосунан баштап өсүүдө (1950-жылы 38 миң адам болсо, 2005-жылы 103,1 миң адамга жеткен); 21-кылымдын башында калктын өсүүсү 2,3%ти түздү. Төрөлүү 1000 адамга 30,3 бала (төрөлүүнү чектөө саясаты жүргүзүлүүдө), өлүм-житим 8 адам. Калкынын орточо курагы 20,6 жыл. Курактык курамында 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 37,9%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 58,7%ти, 65тен ашкандар 3,4%ти түзөт (2008). Орто эсеп м-н 100 аялга 99 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 62 жаш (эркектердики 59,8 жаш, аялдардыкы 66 жаш; 2008). Калктын санынын өсүп жаткандыгына байланыштуу миграциялык кыймыл катуу көзөмөлгө алынган. Өлкөнүн элинин 92%тен ашыгы – христиандар. Кирибатинин калкынын 80%и Гилберт аралында (анын ичинде борбордук Тарава атоллунда 50%) жашайт. Экономикалык активдүү калктын көбү дыйканчылык кылат, балык кармайт.
Тарыхы. Кирибатиге таандык аралдарга б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында австронезиялык уруулар, 13–14-кылымдарда Самоа, Тонга ж-а Фижи аралдарынын калкы көчүп келип, отурукташа баштаган. Жергиликтүү калкы – кирибатилер. 1606-жылы Бутаритари аралы (испан деңиз саякатчысы П. Фернандес де Кирос ачкан), 1765-ж. Никинау аралы (британиялык капитан Ж. Байрон ачкан), 1788-жылы Тарава ж. б. аралдар (Т. Гилберт ж-а Ж. Маршалл ачкан), 1826-жылы Кирибатинин курамына кирген бардык аралдар ачылып, аларды орус деңиз саякатчылары –Ф. Ф. Беллинсгаузен ж-а И. Ф. Крузенштерндер изилдеген. 1857-жылы христиан миссионерлери жергиликтүү калкты христиандаштыра баштаган. 1892-жылы Гилберт ж-а Эллис (азыркы Тувалу),

1900-жылы Ошен (азыркы Банаба), 1916-жылы Лайн, 1937-жылы Феникс аралдары Улуу Британия колониясына айланган. 2-дүйнөлүк согушта япон аскерлери Ошен, Тарава, Бутаритари ж-а Абемама аралдарын басып алып (1942), Ошен аралынын жергиликтүү калкын Науру ж-а Кусаие аралдарына көчүрүп, калгандарын 1945-жылы кырган. 1943-жылы ноябрда Тарава аралына америкалык десант түшүрүлүп, айыгышкан салгылашуулардан кийин япондуктар аралдан чыгарылган. АКШ бул аралга аскер базасын орноткон. Согуш бүткөндөн кийин АКШнын колдоосу м-н Улуу Британия колония аймагына (Рождество аймагына; азыркы Киритимати) ядролук куралдарды сыноодон өткөргөн. 1963-жылдан Улуу Британия колониялык башкаруу системасын реформалай баштаган. Аткаруу ж-а Консультациялык кеңеш (1967-жылдан Өкүлдөр палатасы ж-а Өкмөттүк кеңеш) уюшулуп, кеңешке жергиликтүү элдин өкүлдөрү дайындалган. 1971-жылы колония өзүн өзү башкаруу (британдык губернатор жетектеген) укугуна ээ болгон. Мыйзам чыгаруу кеңеши түзүлгөн. Ал 1974-жылы Чогулуш палатасы болуп өзгөрүп, башкы министрлик кызмат киргизилип, аны Набоуа Ратиета ээлеген. 1975-жылы 1-ноябрда колония экиге (Гилберт аралы ж-а Эллис аралы) бөлүнгөн. 1977-жылы 1-январда Гилберт аралы колониясына өзүн-өзү башкаруу укугу берилип, 1979-ж. 12-июлда алардын көз карандысыздыгы жарыяланган. Жаңы пайда болгон мамлекет Кирибати Республикасы деп аталган. Мамлекеттин алгачкы президенти – Иеремия Табаи (мурдагы башкы министр, 1991-жылга чейин президент). 1999- жылдан Кирибати – БУУнун мүчөсү. 2007-жылы Аноте Тонг экинчи жолу президенттикке шайланган.
Чарбасы. Кирибати – дүйнөдөгү начар өнүккөн өлкөлөрдүн бири; экономикалык негизги көрсөткүчтөрү боюнча Океаниядагы көп өлкөлөрдөн да артта турат. ИДПнин көлөмү 348 млн доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 3600 доллардан туура келет. ИДПнин өсүүсү 2% (2007). ИДПнин 66,8%и тейлөө чөйрөсүндө (анын 20%и туристтик сектордо), 24,2%и өнөр жайында (курулуш, суу ж-а электр м-н камсыз кылуу кошо), 8,9%и айыл чарбасында түзүлөт. Мамлекеттик бюджет (2007-жылы 55,52 млн доллар) таңкыс чыгат (–19,87 млн доллар). Кирешенин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк (Түштүк Корея, Япония, Кытай, америкалык ж. б.) кемелерге Кирибатинин гана экономикалык зонасынан (аянты 3,6 млн км2 чамасында) балык кармоого лицензия сатуудан түшөт.
Чет өлкөлүк финансылык жардам орто эсеп м-н жылына 15–20 млн долларды түзөт (2005-жылы 27,84 млн доллар); негизги донорлору: Япония, Австралия, Жаңы Зеландия, АКШ. Кирешенин маанилүү булагы (жылына 5–10 млн доллар) – чет өлкөлүк балык уулоочу кемелерде иштеген (2 миңдей адам) кирибатиликтерден түшкөн акча. Туризмдин өнүгүүсүнө (чет өлкөлөрдөн жылына 2,5 миңге жакын турист келет) аймагынын алыстыгы ж-а инфраструктуранын жоктугу тоскоол болот. Туризмдин негизги объектилери: Тарава атоллу (этнографиялык айылдар, аскер техникасынын калдыктары), Рождество аралы (Океаниядагы эң ири атоллдордун бири), Каролайн аралы (Милленниум; анын тургундары Жаңы жылдын келишин 1-болуп майрамдай баштайт). Мамлекеттик сектор соода, авиатранспорт, мейманкана бизнеси, коммуналык чарба ж. б. тармактарда бысымдуулук кылат. Келе-

чекте Кирибатиде айыл чарба ж-а балык промыселин, туризмди, башка өлкөлөр м-н аба катнашын өнүктүрүү, соода таңкыстыгын жоюу ж. б. боюнча улуттук план каралууда. Алыскы аралдарда жашаган калктын басымдуу бөлүгү копра, балык, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып күн көрүшөт.
Өнөр жайын пальма майын, тунец балыгын даярдоочу, эмерек жасоочу, кийим тигүүчү чакан ишканалар түзөт. Өндүрүлгөн электр энергиясынын (10 млн кВт.с) 9,3 млн кВт.сы ички муктаждыкка керектел ет. Кустардык промысели өнүккөн: корзина, балыкчылар үчүн конус сымал калпак согуу, каноэ кайыгын жасоо ж. б. Өлкө аймагынын 2,5%и айыл чарбасында пайдаланууга жарамдуу. Экспорт үчүн кокос пальмасы, ички керектөөлөргө таро, банан, нан дарагы, папайя, ямс, маниок өстүрүлөт. Мал чарбасы анча өнүккөн эмес: чочконун ж-а үй куштарынын санын көбөйтүүгө аракет жасалууда. Балык кармалат, деңиз продуктулары чогултулат.
Транспортун негизинен паром, кеме, кайык түзөт; алар негизинен Гилберт аралын бири-бири м-н байланыштырат; башка алыскы аралдар м-н дээрлик байланыш жок. Маанилүү порту – Тарава аралында (Бетио). Жергиликтүү авиакомпания Таравадан Гилберттин дээрлик бардык аралдарына рейс жасайт. 19 аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тарава (Бонрики, негизги) ж-а Рождество (Банана) аралдарында жайгашкан. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 670 км (2000).
Товардык экспортунун наркы 17 млн доллар, импорттуку 62 млн доллар (2005). Экспортко негизинен копра (наркынын 2/3 дейи), кокос жаңгагы, тирүү балык, деңиз продуктулары ж-а деңиз балырлары (негизинен Японияга аквариум үчүн жөнөтүлөт). Негизги соода шериктери: Бельгия, Япония, Австралия. Азык-түлүк (эт, эт консервасын, ун ж. б.), отун, кеңири керектелүүчү товарларды, түрдүү машина ж-а жабдууларды негизинен Австралиядан, Фижиден, Япониядан сатып алат.
Маданияты. Кирибатиде билим берүү мекемелерин билим берүү, кесипке даярдоо жана технология министрлиги жетектейт. Чиркөө же жамаат мектепке чейин тарбиялайт. 1980-жылдарда милдеттүү акысыз 9 жылдык базалык билим берүү (6 жылдык башталгыч билим жана 3 жылдык толук эмес орто билим) киргизилген. Кирибатиде толук орто мектептин (2 жылдык) 23%и мамлекетке, калган бөлүгү чиркөөгө тиешелүү.
Өлкөдө 91 башталгыч мектеп (97,4% окуучу), 24 толук эмес жана 16 толук орто мектеп (67, 6%) иштейт (2005). Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 93,4%ды түзөт (2006). Түштүк Тынч океан университети (Фижи), педагогикалык коллеж, деңиз, технологиялык институттар, полиция академиясы, балык чарба борбору, Тарава академиясында улуттук китепкана жана архив (1979) жана башкалар бар.
Кирибатиде башкы басма органы – жумасына чыгуучу өкмөттүк «Te Uekera» (1945). Биринчи көз карандысыз гезит – «The Kiribati Newstar» (2000). Радио уктуруу 1952-жылдан жүргүзүлөт. И. Табаи жетектеген менчик радиостанция «New Air FM» (1999) иштейт, «Radio Australia» жана «Америка үндөрүнүн» радиопрограммалары уктурулат. Өлкөдөгү бардык телекоммуникациялык тейлөөлөрдү мамлекеттик «Telecom Services Kiribati Limited» компаниясы (1990) иш жүзүнө ашырат.
Ад.: Рубцов Б. Б. Океяния. М., 1992; Кирибати // Большая Российская энциклопедия. Т. 14. М., 2009.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.