КИРИБАТИ
КИРИБА́ТИ , К и р и б а т и Р е с п у б л и к ас ы – Океаниядагы мамлекет, Тынч океандын экватордук батыш бөлүгүндө. Ал 3 аралдар тобунан турган 33 аралды (атоллду; анын 21инде эл жашайт) камтыйт: Гилберт а. (16 арал; бардыгында эл жашайт), Феникс а. (8 арал; Кантон (Абариринга) а-нда эл жашайт), Лайн а. (8

арал; Табуаэран, Тераина, Рождество а-нда эл жашайт), о. эле Банаба а. (эл жашайт; Гилберт а-нан 400 км батыш тарапта). Аймагы батыштан (Банаба а-нан) чыгышты (Каролайн а-н) карай 4 миң кмдей аралыкка созулат. Кургак-
тыктын аянты 719 км2 (башка маалыматтар б-ча 811 км2). Калкы 110,4 миң (2008). Борбору – Баирики (Тарава атоллунда). Расмий тили – англис тили; калкынын көбү кирибати тилинде сүйлөйт. Адм. жактан 6 районго (Банаба а., Гилберттин Түн. а., Гилберттин Борб. а., Гилберттин Түш. а., Лайн а., Тарава а.) ж-а 21 арал кеңешине (эл жашаган аралдардын санына жараша) бөлүнөт. Акча бирдиги – Австралия доллары.
К. – БУУнун (1999), Шериктештиктин (1979),
Тынч океан аралдар форумунун (1971; 2000-ж.
чейин Түш. Тынч океан форумунун), ЭВФтин (1986), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1986) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К. – унитардык мамлекет. К-нин Конституциясы 1979-ж. 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент, 4 жылдык мөөнөткө шайланат (3 жолу кайра шайланганга укугу бар). Президент парламент депутаттарынан вице-президентти дайындайт. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы бир палаталуу парламент – Чогулуш палатасы. Аткаруу бийлик өкмөткө (кабинет) таандык, курамына президент, вице-президент ж-а министрлер кирет. К-де көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Манеабан Те Маури» («Чогулушту коргоо»), «Боутокаан Те Коауа» («Чындык мыктылары»).
Табияты
. Гилберт, Феникс ж-а Лайн а.– коралл (шуру) рифи м-н курчалган түздүктүү атоллдор (деңиз деңг. 5–8 м гана жогору); Банаба а. – көтөрүңкү атолл (бийикт. 81 м, К-нин эң бийик жери). Негизинен коралл (шуру) акиташ тектеринен түзүлгөн. Гилберт ж-а Лайн а. суу астындагы жанартоо атылышынан пайда болгон тоолордун үстүндө жайгашып, Тынч океандын Борб. чуңкурдугун батыштан ж-а чыгыштан тороп турат. Феникс а. Борб. чуңкурдуктун түш., Банаба а. Меланезия чуңкурдугунун борб. бөлүктөрүндө жайгашкан. Банаба а-нда фосфорит кени бар, бирок ал 1979-жылдан бери казылбайт; экон. зонасында темир-марганец конкрециялары кездешет. Климаты экватордук деңиздик; жылдык орт. темп-расы 27°С, сезон б-ча бир аз гана өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орт. өл-

чөмү Гилберт, Лайн а-нын түш. бөлүктөрүндө ж-а Феникс а-нда 1000 мм ж-а андан аз, Гилберт а-нын түн. бөлүгүндө 3000 ммге чейин жаайт. Жаан-чачын аймак б-ча текши жаабайт, кургакчыл мезгил тез-тез болот. Ноябрь–март айларында тайфун жүрөт. Тузсуз суу ресурсу чектелүү. Агын суулары жок; тузсуз суунун негизги булагы – жамгыр суусу, кудуктардан бир аз мала туздуу суу чыгат. Кургакчыл жылдары К-де суу ресурстары өтө таңкыс болот. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн маданий өсүмдүктөр (кокос пальмасы, нан дарагы, таро, банан ж. б.) ээлейт. Айрым жерлеринде жерг. өсүмдүктөр кездешет, мис., К-нин түш. бөлүгүндөгү жапыз өскөн бадалдар, түн. бөлүгүндөгү жапыз дарактар ж. б.; Гилберт а-нын жээктеринин айрым жерлеринде мангр токою өсөт. Өлкөнүн аймагы жаныбарларга жарды. Негизинен деңиз экосистемасын коргоо максатында бир нече корук уюшулган; а. и. Феникс а-ндагы деңиз паркы (аянты 410,5 миң км2)– дүйнөдөгү коргоого алынган ири аймактардын бири.
Калкы
. К-нин негизги калкын (97,8%ин) микронезиялык кирибатилер түзөт. Калкынын саны 20-к-дын ортосунан баштап өсүүдө (1950-ж. 38 миң адам болсо, 2005-ж. 103,1 миң адамга жеткен); 21-к-дын башында калктын өсүүсү 2,3%ти түздү. Төрөлүү 1000 адамга 30,3 бала (төрөлүүнү чектөө саясаты жүргүзүлүүдө), өлүм-житим 8 адам. Калкынын орт. курагы 20,6 жыл. Курактык курамында 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 37,9%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 58,7%ти, 65тен ашкандар 3,4%ти түзөт (2008). Орто эсеп м-н 100 аялга 99 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы 62 жаш (эркектердики 59,8 жаш, аялдардыкы 66 жаш; 2008). Калктын санынын өсүп жаткандыгына байланыштуу миграциялык кыймыл катуу көзөмөлгө алынган. Өлкөнүн элинин 92%тен ашыгы – христиандар. К-нин калкынын 80%и Гилберт а-нда (а. и. борб. Тарава атоллунда 50%) жашайт. Экон. активдүү калктын көбү дыйканчылык кылат, балык кармайт.
Тарыхы
. К-ге таандык аралдарга б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында австронезиялык уруулар, 13–14-к-да Самоа, Тонга ж-а Фижи а-нын калкы көчүп келип, отурукташа баштаган. Жерг. калкы – кирибатилер. 1606-ж. Бутаритари а. (испан деңиз саякатчысы П. Фернандес де Кирос ачкан), 1765-ж. Никинау а. (британиялык капитан Ж. Байрон ачкан), 1788-ж. Тарава ж. б. аралдар (Т. Гилберт ж-а Ж. Маршалл ачкан), 1826-ж. К-нин курамына кирген бардык аралдар ачылып, аларды орус деңиз саякатчылары – Ф. Ф. Беллинсгаузен ж-а И. Ф. Крузенштерндер изилдеген. 1857-ж. христиан миссионерлери жерг. калкты христиандаштыра баштаган. 1892-ж. Гилберт ж-а Эллис (азыркы Тувалу),

1900-ж. Ошен (азыркы Банаба), 1916-ж. Лайн, 1937-ж. Феникс а. Улуу Британия колониясына айланган. 2-дүйнөлүк согушта япон аскерлери Ошен, Тарава, Бутаритари ж-а Абемама а-н басып алып (1942), Ошен а-нын жерг. калкын Науру ж-а Кусаие а-на көчүрүп, калгандарын 1945-ж. кырган. 1943-ж. ноябрда Тарава а-на амер. десант түшүрүлүп, айыгышкан салгылашуулардан кийин япондуктар аралдан чыгарылган. АКШ бул аралга аскер базасын орноткон. Согуш бүткөндөн кийин АКШнын колдоосу м-н Улуу Британия колония аймагына (Рождество а-на; азыркы Киритимати) ядролук куралдарды сыноодон өткөргөн. 1963-жылдан Улуу Британия колониялык башкаруу системасын реформалай баштаган. Аткаруу ж-а Консультациялык кеңеш (1967-жылдан Өкүлдөр палатасы ж-а Өкмөттүк кеңеш) уюшулуп, кеңешке жерг. элдин өкүлдөрү дайындалган. 1971-ж. колония өзүн өзү башкаруу (британдык губернатор жетектеген) укугуна ээ болгон. Мыйзам чыгаруу кеңеши түзүлгөн. Ал 1974-ж. Чогулуш палатасы болуп өзгөрүп, башкы министрлик кызмат киргизилип, аны Набоуа Ратиета ээлеген. 1975-ж. 1-ноябрда колония экиге (Гилберт а. ж-а Эллис а.) бөлүнгөн. 1977-ж. 1-январда Гилберт а. колониясына өзүн-өзү башкаруу укугу берилип, 1979-ж. 12-июлда алардын көз карандысыздыгы жарыяланган. Жаңы пайда болгон мамлекет Кирибати Респ. деп аталган. Мамлекеттин алгачкы президенти – Иеремия Табаи (мурдагы башкы министр, 1991-жылга чейин президент). 1999- жылдан К. – БУУнун мүчөсү. 2007-ж. Аноте Тонг экинчи жолу президенттикке шайланган.
Чарбасы
. К. – дүйнөдөгү начар өнүккөн өлкөлөрдүн бири; экон. негизги көрсөткүчтөрү б-ча Океаниядагы көп өлкөлөрдөн да артта турат. ИДПнин көлөмү 348 млн доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 3600 доллардан туура келет. ИДПнин өсүүсү 2% (2007). ИДПнин 66,8%и тейлөө чөйрөсүндө (анын 20%и туристтик сектордо), 24,2%и ө. ж-нда (курулуш, суу ж-а электр м-н камсыз кылуу кошо), 8,9%и а. ч-нда түзүлөт. Мамл. бюджет (2007-ж. 55,52 млн доллар) таңкыс чыгат (–19,87 млн доллар). Кирешенин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк (Түш. Корея, Япония, Кытай, амер. ж. б.) кемелерге К-нин гана экон. зонасынан (аянты 3,6 млн км2 чамасында) балык кармоого лицензия сатуудан түшөт.
Чет өлкөлүк финансылык жардам орто эсеп м-н жылына 15–20 млн долларды түзөт
(2005-ж. 27,84 млн доллар); негизги донорлору: Япония, Австралия, Жаңы Зеландия, АКШ. Кирешенин маанилүү булагы (жылына 5–10 млн доллар) – чет өлкөлүк балык уулоочу кемелерде иштеген (2 миңдей адам) кирибатиликтерден түшкөн акча. Туризмдин өнүгүүсүнө (чет өлкөлөрдөн жылына 2,5 миңге жакын турист келет) аймагынын алыстыгы ж-а инфраструктуранын жоктугу тоскоол болот. Туризмдин негизги объектилери: Тарава атоллу (этногр. айылдар, аскер техникасынын калдыктары), Рождество а. (Океаниядагы эң ири атоллдордун бири), Каролайн а. (Милленниум; анын тургундары Жаңы жылдын келишин 1-болуп майрамдай баштайт). Мамл. сектор соода, авиатранспорт, мейманкана бизнеси, коммуналык чарба ж. б. тармактарда бысымдуулук кылат. Келе-

чекте К-де а. ч. ж-а балык промыселин, туризмди, башка өлкөлөр м-н аба катнашын өнүктүрүү, соода таңкыстыгын жоюу ж. б. б-ча улуттук план каралууда. Алыскы аралдарда жашаган калктын басымдуу бөлүгү копра, балык, кол
өнөрчүлүк буюмдарын сатып күн көрүшөт.
Ө. ж-н пальма майын, тунец балыгын даярдоочу, эмерек жасоочу, кийим тигүүчү чакан ишканалар түзөт. Өндүрүлгөн электр энергиясынын
(10 млн кВт.с) 9,3 млн кВт.сы ички муктаждыкка керектел ет. Кустардык пром ысели
өнүккөн: корзина, балыкчылар үчүн конус сымал калпак согуу, каноэ кайыгын жасоо ж. б.
Өлкө аймагынын 2,5%и а. ч-нда пайдаланууга
жарамдуу. Экспорт үчүн кокос пальмасы, ички керектөөлөргө таро, банан, нан дарагы, папайя, ямс, маниок өстүрүлөт. Мал чарбасы анча өнүккөн эмес: чочконун ж-а үй куштарынын санын көбөйтүүгө аракет жасалууда. Балык кармалат, деңиз продуктулары чогултулат.
Транспортун негизинен паром, кеме, кайык түзөт; алар негизинен Гилберт а-н бири-бири м-н байланыштырат; башка алыскы аралдар
м-н дээрлик байланыш жок. Маанилүү порту –
Тарава а-нда (Бетио). Жерг. авиакомпания Таравадан Гилберттин дээрлик бардык аралдарына рейс жасайт. 19 аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тарава (Бонрики, негизги) ж-а Рождество (Банана) а-нда жайгашкан. Автомобиль жолунун жалпы уз. 670 км (2000).
Товардык экспортунун наркы 17 млн доллар, импорттуку 62 млн доллар (2005). Экспортко негизинен копра (наркынын 2/ дейи), кокос жаңгагы, тирүү балык, деңиз продуктулары ж-а деңиз балырлары (негизинен Японияга аквариум үчүн жөнөтүлөт). Негизги соода шериктери: Бельгия, Япония, Австралия. Азык-түлүк (эт, эт консервасын, ун ж. б.), отун, кеңири керектелүүчү товарларды, түрдүү машина ж-а жабдууларды негизинен Австралиядан, Фижиден, Япониядан сатып алат.
Маданияты
. Кирибатиде билим берүү мекемелерин Билим берүү, кесипке даярдоо жана технология министрлиги жетектейт. Чиркөө же жамаат мектепке чейин тарбиялайт. 1980-жылдарда милдеттүү акысыз 9 жылдык базалык билим берүү (6 жылдык башталгыч билим жана 3 жылдык толук эмес орто билим) киргизилген. Кирибатиде толук орто мектептин (2 жылдык) 23%и мамлекетке, калган бөлүгү чиркөөгө тиешелүү.
Өлкөдө 91 башталгыч мектеп (97,4% окуучу), 24 толук эмес жана 16 толук орто мектеп (67, 6%) иштейт (2005). Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 93,4%ды түзөт (2006). Түштүк Тынч океан университети (Фижи), педагогикалык коллеж, деңиз, технологиялык институттар, полиция академиясы, балык чарба борбору, Тарава академиясында Улуттук китепкана жана архив (1979) жана башкалар бар.
Кирибатиде башкы басма органы – жумасына чыгуучу өкмөттүк «Te Uekera» (1945). Биринчи көз карандысыз гезит – «The Kiribati Newstar» (2000). Радио уктуруу 1952-жылдан жүргүзүлөт. И. Табаи жетектеген менчик радиостанция «New Air FM» (1999) иштейт, «Radio Australia» жана «Америка үндөрүнүн» радиопрограммалары уктурулат. Өлкөдөгү бардык телекоммуникациялык тейлөөлөрдү мамлекеттик «Telecom Services Kiribati Limited» компаниясы (1990) иш жүзүнө ашырат.
Ад.: Рубцов Б. Б. Океяния. М., 1992; Кирибати // Большая Российская энциклопедия. Т. 14. М., 2009.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.