АХМЕТОВА Хадича

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХМЕТОВА Хадича (30. 5. 1902, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары ‒ 11. 2. 1989, ошол эле жерде) ‒ педагог. Каракол шаарындагы жетим балдар үйүндө аялдардан чыккан биринчи тарбиячы (1918‒19). Караколдогу орус-тузем мектебин бүтүргөн (1915‒18). 1920‒53-жылдарда Кыргызстандын мектептеринде мугалим болуп иштеген. Караколдогу педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн (1940‒46). Ал эл агартуу ишине сиӊирген эмгеги үчүн Ленин ордени (1951) жана медалдар менен сыйланган.