АФРИКАНТРОП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФРИКАНТРОП (Африка жана гр. anthropos ‒ адам) ‒ палеонтроптор өкүлү болгон африкадагы байыркы же эясилик адам. Африкантроптун сөөгүнүн (үч баштын) бөлүктөрү 1935‒38-жылдары Танзаниядагы Эяси көлүнүн чөкмөсүнөн табылган. Алар неандертал адам түрүнө кирет. Сөөктөр менен кошо таштан жасалган куралдар да чыккан.