АФРИКАНТРОП
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АФРИКАНТРОП (Африка жана гр. anthropos ‒ адам) ‒ палеонтроптор өкүлү болгон африкадагы байыркы же эясилик адам. Африкантроптун сөөгүнүн (үч баштын) бөлүктөрү 1935‒1938-жылдары Танзаниядагы Эяси көлүнүн чөкмөсүнөн табылган. Алар неандертал адам түрүнө кирет. Сөөктөр менен кошо таштан жасалган куралдар да чыккан.