АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ‒ жер бетинен бийиктеген сайын атм-дагы аба темп-расынын жогорулашы. Инверсия көбүнчө атмененын бир катмарынын экинчисине өткөндөгү чек арада байкалат. Анын калыӊдыгы 10‒1000 мге жетет. Инверсия катмарында темп-ранын көтөрүлүшү 15‒20°Сге жетип, кээде андан да ашат. Абанын түн ичинде муздашынан улам радиациялык инверция келип чыгат. А-нын жогорку катмарында аба массасынын которулушунан кысылган инверсия байкалат.