АТ КУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ КУЛАК (Rumex L) ‒ өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы бир жана көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы түз, бутактуу, жалбырагы узун, сүйрү, чоӊ, саптуу. Гүлү жашыл, эки же бир жыныстуу, топ гүлү шыпыргы. Мөмөсү үч кырдуу, даны жалтырак. Анын 150 түрү белгилүү, Кыргызстанда 13 түрү (кадимки, тармал, теӊир тоо А.к. ж. б.) кездешет. Короо-жай тегерегинде, көлмө, жол, арык бойлорунда ж. б. өсөт. Мал жебейт. А. к-тын дээрлик бардык түрү отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: жерди тереӊ айдап, тамырын жыйнап жок кылуу, уругу быша электе оруп, чаап таштоо. Кадимки А. к. атайы өстүрүлүп, жалбырагы тамакка пайдаланылат.