АСС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:36, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСС (лат., as, assis) ‒ байыркы римдик жез тыйын (салмагы алгач 272 г). Биздин заманга чейин 5-кылымдан чыгарыла баштап, биздин замандын 217-жылына чейин жүгүртүлүп келген. Байыркы гректер Ассты ассирий деп аташкан. Херсонес, Тир, Ольвия, Боспор падышалыгында биздин замандын 2‒3-кылымдарында бир нече номиналдагы Асс чыгарылган.